Download as pdf or txt
Download as pdf or txt
You are on page 1of 80

Өтө зарыл китеп

Карабалта Ислам институту


2008-жыл
Урматтуу окурман!
Колуңуздагы “Нике жана үй-бүлө” китеби азыркы учурда
элибизге, журтубузга өзгөчө өсүп келе жаткан, үй-бүлө күтүү
курагындагы жаштарыбызга эң зарыл китеп деп эсептеймин.
Китепте турмуш куруудагы никенин зарылдыгы, шарттары,
жоболору жөнүндө, улан-кыздар бойго жетип, турмуш курууда
өмүрлүк жарды кантип тандоо керектиги, турмуш кургандан
кийин жубайлардын гана ортосуна таандык эң ыйык,
жашыруун, назик – жыныстык мамилелер жана андан кийин
өздүк гигиенаны (гусул-жуунууну) сактоо жөнүндө, ал эле эмес
ыңгайлуу учурларына чейин шариятка негизделип,
жеткиликтүү берилген жана да жубайлардын бири-биринин
алдындагы милдеттери жана укуктары жөнүндө да баяндалат.
Мындан тышкары Алла Таалам жаман көргөн бирок
пенделерине адал кылган амал – аял менен эркектин
ажырашуусу – талак жөнүндө да кеңири баяндалат. Кыскасы,
Алла Тааланын ыраазылыгынан үмүт кылып, ыйман жолунда
жүргөн ар бир момун-мусулман үчүн бул китеп жашоосунда
көрсөтмө курал болуп, ар бир үйдүн китеп текчесинен орун
алууга татыктуу болгон өтө зарыл китеп деп эсептейм.
Мусаннифке, котормочуга жана көмөк көсөткөндөргө Алла
Тааладан ыраазычылык тилейм, ийгилик каалайм.

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын
Азирети Муфтийи Муратали ажы Жуманов

2
Жараткан Алла Таалабызга чексиз мактоолорду айтуу
менен бирге эле элибизге дин эркиндигин кайтарып берип,
эки дүйнө бактылуулугуна ээ болууга ар бирибизге толук
мүмкүнчүлүк берип жатканына шүгүрчүлүк келтирели. Жер-
жерлерибизде мечиттер, медреселер ачылып элибиз, өзгөчө
жаштарыбыз ыйман жолуна багыт алып жатканы кубанычтуу
нерсе. Ошону менен бирге эле коомубузда өнүп-өсүүбүзгө
чоң кедергиси тийүүчү уурулук, аракечтик, баңгилик,
сойкулук (ойноштук) сыяктуу коомубузга терс, зыяндуу
көрүнүштөр да күч алууда. Өзгөчө шариятыбызда
күнөөлөрдүн эң оору жана ыпласы эсептелген сойкулук-
ойноштук дүйнөлүк мүшкүлгө айланды. Ошонун
кесепетинен дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар айыкпас
дарт – СПИД оорусуна чалдыгып, өлүмгө дуушар болууда.
Бүгүнкү күндө жер жүзүнүн мыкты деген окмуштуу
табыптары илимий-изилдөө мекемелеринде баштарын
катырышып, ал дартты айыктыруунун дабасын таппай
жатышат. Оорулуу адамды айыктырбаса да өлүүгө чейинки
абалын жеңилдетүү максатында дүйнө жүзүнүн
кайрымдуулук фонддору миллиондогон, миллиарддаган
долларларды бөлүшүүдө. Эң оору сойкулук-ойноштук.
Сойкулук-ойноштук адамдын ден-соолугун, өмүрүн алып,
коомчулукка материалдык чыгым жеткирүү менен эле
чектелип калбайт. Бул ыплас иш коомдун жана коомдо
жашаган адамдардын чөйрөсүнүн тазалыгына кесепетин
тийгизет. Сойкулуктан-ойноштуктан никесиз наристелер
төрөлүп жана алардан келечекте жакшы инсандар чыгат деп

3
күтүүгө болбойт. Ошондуктан бул апааттардан сактануунун
бирден-бир жолу – бул нике.
Ушул жагдайдан алып караганда колуңуздагы “Нике
жана үй-бүлө” китеби азыркы учурда элибизге, журтубузга
өзгөчө өсүп келе жаткан, үй-бүлө күтүү курагындагы
жаштарыбызга эң зарыл китеп деп эсептеймин.
Китепте турмуш куруудагы никенин зарылдыгы,
шарттары, жоболору жөнүндө, улан-кыздар бойго жетип,
турмуш курууда өмүрлүк жарды кантип тандоо керектиги,
турмуш кургандан кийин жубайлардын гана ортосуна
таандык эң ыйык, жашыруун, назик – кошулуу мамилелери
жана кошулгандан кийин өздүк гигиенаны (гусул-жуунууну)
сактоо жөнүндө, ал эле эмес кошулуунун ыңгайлуу
учурларына чейин шариятка негизделип, жеткиликтүү
берилген жана да жубайлардын бири-биринин алдындагы
милдеттери жана укуктары жөнүндө да баяндалат. Мындан
тышкары Алла Таалам жаман көргөн бирок пенделерине адал
кылган амал – эрди-катындын ажырашуусу – талак жөнүндө
да кеңири баяндалат. Кыскасы, Алла Тааланын
ыраазылыгынан үмүт кылып, ыйман жолунда жүргөн ар бир
момун-мусулман үчүн бул китеп жашоосунда көрсөтмө
курал болуп, ар бир үйдүн китеп текчесинен орун алууга
татыктуу деп эсептейм.

4
Өтө зарыл китеп
Колуңуздагы куттуу китеп нике, эр-аялдык, талак,
идда (талактан кийинки саналуу мөөнөт), айыз-нифас (этек
кири жана төрөттөн кийинки келүүчү кан), акыйка жана башка
керектүү шарият маселелери жөнүндө. Ислам дининде
балагатка жеткен ар бир жигит жана кыз ыйман жана
ислам шарттарын, адал жана арам болгон көрсөтмөлөрдү
жакшы билип, аларга амал кылуусу керек. Ислам дини
инсанды хидаятка (туура жолго) баштап, дүйнө жана
акырет бактылуулугуна баштоочу нурдуу жолду көрсөтүп
берет. Динибиз ар бир инсандын ишеничин, акылын,
малын, жанын коргоого алууда анын тек-насабын сактоого
да өзгөчө маани берет. Айрыкча, зынааны (никесиз
жакындыкты), ага алып баруучу ар кандай жолдор жана
себептерди катуу каралайт. Бул туурасындагы илахий
(Алладан келген) өкүм жана шарият көрсөтмөлөрүнө амал
кылынбаса, аянычтуу акыбеттердин келип чыгуусун
эскертет.
Чындыгында, бүгүнкү күндө адал менен арамды
ажыратпай, өзүн кармай албаган, шахватына (напсисинин
арзуусуна) туткун болгон кээ бир айбантабият
инсандардын никесиз мамилеси себебинен канчалаган үй-
бүлөлөр жок болууда, атасыз, теги билинбеген наристелер
төрөлүп, коомубузда уурулук, каракчылык, бузукулуктар
болууда. Акыйкатта, инсан нике адептерине, жубайлардын
өз ара укуктарына көңүл бурбаса, номахрамдардан
(никеленүүгө боло тургандардан) сактанбаса, өзүн жана үй-
бүлөсүн да курутууга алып бараары бышык.
Фикх (шарият) китептеринде үйлөнүүнүн адептери
жана анын жоопкерчиликтери туурасында кеңири
5
маалыматтар берилген. Алар араб жана фарс тилдеринде
болгондуктан окуп, түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө баары эле ээ
эмес. Ошондуктан түзүүчүлөр Имам Аъзам мазхабына
ылайык болгон “Муктасарул-Викоя”нын шархы
(кеңейтмеси), “Роддул-Мухтар”, “Жамиъур-Ромуз”,
“Ширъатул-Ислам” сыңары китептерден нике жана башка
темаларга ылайык маселелерди которуп, аларга аныктама
берип, китеп кылып топтошкон. Китепке тийиштүү аят
жана хадистерден пайдаланган абалда, шариятыбызга,
сезим-туйгуларыбызга ылайык келбей турган кээ бир үрп-
адаттарды четке кагышкан. Никеге тийиштүү кээ бир
өкүмдөрдү чагылдыруу үчүн орду-орду менен медицина
илимине да кайрылышкан. Ар бир тема боюнча пикир
жүргүзүлгөндө алардын шаръий негиздери, өкүмдөрү
Ханафий мазхабынын тегерегинде текшерилип, бүгүнкү
күндүн муктаждыгына пайдалуу үгүт-насааттар берилген.
Сыр эмес, бүгүнкү күндө дин эркиндигине кеңири жол
ачылган жана Исламий адабияттар көп чыгарылып жаткан
болсо да, нике-үйлөнүү адептери, эркек жана аялдын
укуктары, талак жана идда сыяктуу маселелерден ар бир
киши толук кабардар эмес. Бул китеп бардык жаштагы
кишилер үчүн зарыл. Айрыкча, калыс ниетте үй-бүлө
куруу, таза жана таттуу өмүр сүрүү максатында жүргөн ар
бир жигит-кыз үчүн ирээттеп керектүү маалыматтарды
берүү менен этибарга ээ болгон амал.
Китепте келтирилген маалыматтар өтө керектүү,
турмуштук зарылдык болгондугу үчүн мүмкүнчүлүккө
карап, андагы ар бир маселе жана үгүттүн маанисин туура
түшүнүүгө аракет кылуу керек. Анткени, жаштарыбыз
тазалыкка, үйлөнүү адебине, эркек менен аялдын
укуктарына чындап амал кылышса, алардан төрөлө турган
перзенттер да, буйруса, жакшы амалдуу, такыба жана
дени сак болуп төрөлүшөт. Мындай балдар ата-энесине,
эл-журтка дайыма ырахмат алып келишет.

6
Келгиле, биз ата-энелер да мойнубуздагы чоң
жоопкерчиликти сезип, биринчиден, өзүбүз Алладан
коркуп, такыба бололу, адал менен арамдын айырмасына
баралы, анан балдарыбыздан да ушул нерселерди талап
кылалы. Хадистердин биринде пайгамбарыбыз соллоллоху
алайхи васаллам үй-бүлө башчыларын койчуга
салыштырып, алардын жоопкерчиликтерин өзүнчө
бекемдеп айткан. Мына ушундай, перзенттерибизди
акыйкат жана туура жолдо тарбиялануусунун ар кандай
материалдык жана руханий эрежелери болсо, алардан
пайдаланышыбыз керек. Даанышман калкыбыз:
“Жакшылык да, жамандык да босогодон башталат”, деп
бекеринен айтпаган...
Урматтуу окурмандар! Сооп үмүтүндө жазылган ушул
китепти окуп, андан байыр алып, басып чыгарылышына
үлүш кошкондорго да дуба кылып турууңарды үмүт
кылабыз.

Сайфиддин Сайфуллох

7
Нике
Жалпы макулукту жубу менен жараткан жана
инсанды нике менен урматтуу кылган Алла Таалага чексиз
алкыш жана шүгүрлөр болсун. Нике бизди бузукулуктан,
зынаадан (никесиз жакындыктан) сактоочу, адал менен
арамды ажыратып туруучу чегара.
‫ﱴ ﻓﻠﻴﺲ ﻣﲎ‬‫ﱴ ﻓﻤﻦ ﺭﻏﺐ ﻋﻦ ﺳﻨ‬‫ﺍﻟﻨﻜﺎﺡ ﺳﻨ‬
“Никеленүү менин сүннөтүм жана кимде-ким
сүннөтүмдөн жүз бурса, менден (үмөтүмдөн) эмес”, деп
шаръий үй-бүлө курууга чакырган ак пайгамбар азирети
Мухаммад соллоллоху алайхи васалламга, ал заттын үй-
бүлөсүнө жана сахабаларына жана аны жакшылык менен
ээрчигендерге Алланын эсепсиз салават-саламдары
болсун.
“Нике” сөзүнүн сөздүктөгү мааниси жыныстык
катнашуу, ал эми колдонуудагы мааниси болсо, “үй-бүлө
куруу” дегенди билдирет. Шариятта ижаб (жооп берүү)
жана кабыл алуу (эки тараптын ыраазылыгы) менен пайда
болгон нике аркылуу эркек менен аялдын бири-биринен
бардык муктаждыктарды толуктоо үчүн пайдаланууну
адал кылат.
Никеде орчундуу сүннөттөр жана укуктар бар. Аларды
аткаруу жоопкерчилиги эркек менен аялдын мойнуна
жүктөлөт. Эгерде эркек менен аял бул милдеттерди
аткарбаса, кырсык-апааттарга дуушар болуусу мүмкүн,
баары эле муну сезип түшүнө бербейт. Мисалы, үй-бүлө

8
нафака (каржы)сы үчүн адал ырыскы табуу, үй-бүлө жана
перзенттерге туура таалим-тарбия берүү сыяктуу.
Нике бул маани-мазмуну менен динди тургузуу,
мамилени жакшыртуу жана Мухаммад алайхис саламдын
сыймыктарынан болгон жакшылык жана куттуу бир амал.
Бул жөнүндө хадистердин биринде мындай деп айтылат:
“Никеленгиле, көбөйөсүңөр. Албетте, мен кыямат
күнүндө өткөн үмөттөрдүн алдында силердин көптүгүңөр
менен сыймыктанамын. Ал тургай карындан түшкөн
жана чала төрөлгөн бала менен да”.
Никени айрымдар материалдык кыйынчылык,
жетишпөөчүлүккө себеп болот деп күмөн кылышат.
Тескерисинче, нике себептүү инсандын ырыс-дөөлөтү
артат. Анткени жараткан Алла Таала Курани каримдин
“Нур” сүрөсүнүн 32-аятында:

﴾32﴿‫ﻴﻡ‬‫ﻠ‬‫ ﻋ‬‫ﻊ‬‫ﺍﺴ‬‫ﺍﷲُ ﻭ‬‫ ﻭ‬‫ﻪ‬‫ﻠ‬‫ﻥ ﻓﹶﻀ‬‫ ﺍﷲُ ﻤ‬‫ﻬﹺﻡ‬‫ﻐﹾﻨ‬‫ ﻴ‬‫ﺁﺀ‬‫ﻜﹸﻭﻨﹸﻭﺍ ﻓﹸﻘﹶﺭ‬‫ﺇِﻥ ﻴ‬...

“...Эгерде алар (никеленүүчүлөр) кедей болушса,


Алла өзү Өз берешендиги менен бай-муктажсыз кылат.
Алла - (берешен, жоомарт) Кең, Билүүчү”, деп айтат.
Ыйык хадисте:
“Бир мусулмандын никесине катышкан киши бир күн
Алла жолунда орозо туткандын сообуна ээ болот жана
бул бир күн (сооп тарабынан) жети жүз күнгө барабар”,
деген улук куш кабар берилсе, башка бир хадисте:
“Эки кишинин никесине себеп болсоң, тактап
айтканда алардын жубайлар болуусуна себеп болуп,
аракет кылсаң, шапааттын артыгы ушул”, деп айтылат.
Ал тургай жогоруда эстеткенибиздей Расулуллох
соллоллоху алайхи васаллам: “Албетте нике – менин
сүннөтүм жана кимде-ким сүннөтүмдөн жүз бурса, ал
бизден эмес”,-деп айткан. Бул чакырык Пайгамбар
алайхис саламдын сүннөтүн ылайык көрбөгөн жана никеге

9
кадыр болуп туруп, үйлөнбөгөндөргө тийиштүү. Кээ бир
жүйөөлүү себептер менен турмуш курбагандар мындан
сырткары.
Никенин касиеттеринин дагы бири, үйлөнүп жаткан
киши зарыл болгондо нике үчүн карыз алса, “Кандай
төлөөр экенмин?” деп башы катпасын. Анткени, бул
карыздын төлөмүн мээримдүү Алла өзүнө алган. Эгерде
үйлөнүүчүнүн ниети тазалык, такыбалык болсо, эч кандай
кыйынчылык, кедейлик жана муктаждыктан коркпосун.
Бул туурасында пайгамбарыбыз солллоллоху алайхи
васаллам: “Кедейлик жана муктаждыктан коркуп үй-бүлө
күтпөгөндөр бизден эмес”, деп катуу эскерткен.
Ханафий мазхабыбызда нике алты бөлүккө бөлүнөт:
1. Аялдын калыңын берүүгө, камсыздандырууга
кадыр, акыл жана жыныстык тараптан жарактуу,
үйлөнбөсө күнөө кылып коюусу анык болгондорго үйлөнүү
парз.
2. Жыныстык жактан алсыз болбогон, калың берүүгө
жана камсыздандырууга кадыр, эгерде үйлөнбөсө, зынаа
(никесиз жакындык) кылуу ыктымалы болгон киши үчүн
үйлөнүү важиб.
3. Жыныстык тараптан орточо, зынаа (никесиз
жакындык) кылуу ыктымалы болбогон киши үчүн үй-бүлө
куруу сүннөт.
4. Үй-бүлөнү алып кетүү милдетине моюн сунбай,
аялына зулум кылуусу мүмкүн болгон кишинин үйлөнүүсү
арам. Анткени, мындай турмуш эки тарап үчүн бакыт
эмес, бактысыздык алып келет.
5. Үй-бүлөнү башкаруу укуктарына ээлик кылбастан,
аялына зулумдук кылуудан корккон кишинин үйлөнүүсү
макрух (жек көрүлгөн амал).
6. Зынаа (никесиз жакындык) кылуу коркунучу
болбосо да, жыныстык ырахат алуу үчүн үйлөнүү мубах
(эрктүү амал).

10
Келинчек тандоо
“Дуррул Мухтар” аттуу фикх (шарият) китебинин
“Нике” темасы мындай сөздөр менен башталат: “Адамзат
үчүн нике жана ыймандан башка ал тургай бейиште да
улана турган ибадат жок”. Үй-бүлө деген ушундай бир
бакыт багы, ал тургай бейиште да уланат. Ар кандай
келишим белгилүү мөөнөт өткөн соң өзүнүн күчүн
жоготот, ал эми бири-биринен ажыраган өмүрлүк
жарлардын жашоосу өлүм менен да бүтпөйт.
Өзүбүзгө өмүрлүк жарды тандаганда, бир жастыкта
картайуу ниетинде гана эмес, бейиште да бирге болуу
арзуусунда жолго чыгышыбыз керек. Ошондуктан
ылайыктуу өмүрлүк жарды тандоо инсандын
турмушундагы эң керектүү, ал тургай өмүр-өлүм
маселелеринен бири болуп эсептелет.
Урпактын кандай улануусу, перзенттердин таалим-
тарбиясы, адеп-ахлагы, сак-саламаттыгы, ал эле эмес
тууган-урук, ага-ини, эже-карындаш жана дос-жарлар
менен боло турган мамиле байланыштын китептегидей
сакталып калышы да түздөн-түз болочоктогу өмүрлүк
жарына байланыштуу. Үйлөнүп жаткан киши өмүр
шериги менен турмуштун негизги бөлүгүн өткөрөт.
Руханий толуктук жана материалдык жакшылыкка
жетишүүдө үй-бүлөнүн орду жана зарылдыгы өтө чоң.
Бул ишке ушундай даражада көңүл буруу керек,
келиндин түпкү тегинде, ал тургай тууган-уруктарында
болгон жөндөм, кызыгуу, кулк-мүнөз, турпат, кыймыл-
аракет жана башка келинге тиешелүү жакшы жана жаман
өзгөчөлүктөр болочок перзенттерге тукум аркылуу өтүүсү,
таасир көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан ата-бабаларыбыз
жети атаны, тууган-урукту сурап-сүрүштүрүп, макул
табышса анан барып жуучу түшүшкөн.

11
Бүгүнкү күндө мындай салттардын ордун диний жана
улуттук намысыбызга жат болгон айрым беймаани адаттар
ээлеп алды. Мындай учурлар өзүнүн ким экендигин
билген ар бир кишини ташпишке салып,
тынчсыздандыраары бышык. Мисалы, бирөөнүн байлыгы-
мансабы үчүн кудалашуу, башчысынын адепсиз жана
ылайык келбеген кызын келин кылуу, кыздын чырайына
карап үйлөнүү же өнөр-кесибине карап келин тандоо же
башкаларды айтуу мүмкүн. Негизи мындай нерседеги эң
туура чечим сүннөткө, акылман, даанакер кишилердин
кеңешине карап иш алып баруу.
Биринчиден Алла Тааланын Курани Каримде үйлөнүү
жөнүндө берген көрсөтмөсүн келтирип өтөлү:

‫ﻟﹶﻭ‬‫ ﻭ‬‫ﺸﹾﺭﹺﻜﹶﺔ‬‫ّﻥ ﻤ‬‫ ﻤ‬‫ﺭ‬‫ﻨﹶﺔﹲ ﺨﹶﻴ‬‫ﺅْﻤ‬‫ﺔﹲ ﻤ‬‫ﻟﹶﺄَﻤ‬‫ ﻭ‬‫ ﻥ‬‫ﺅْﻤ‬‫ﺘﱠﻰ ﻴ‬‫ ﺤ‬‫ﺸﹾﺭﹺﻜﹶﺎ ﺕ‬‫ﻭﺍ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ﺤ‬‫ﻻﹶ ﺘﹶﻨﻜ‬‫ﻭ‬
‫ﺸﹾﺭﹺﻙ‬‫ّﻥ ﻤ‬‫ ﻤ‬‫ﺭ‬‫ ﺨﹶﻴ‬‫ﻥ‬‫ﺅْﻤ‬‫ ﻤ‬‫ﺩ‬‫ﺒ‬‫ ﻟﹶﻌ‬‫ﻨﹸﻭﺍ ﻭ‬‫ﺅْﻤ‬‫ﺘﱠﻰ ﻴ‬‫ ﺤ‬‫ﻴﻥ‬‫ﺸﹾﺭﹺﻜ‬‫ﻭﺍ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ ﺤ‬‫ﻻﹶ ﺘﹸﻨﻜ‬‫ ﻭ‬‫ﺘﹾﻜﹸ ﻡ‬‫ﺒ‬‫ﺠ‬‫ﺃَﻋ‬
‫ﻪ‬‫ﺓ ﺒﹺﺈِﺫﹾﻨ‬ ‫ﺭ‬‫ﻐﹾﻔ‬‫ﺍﻟﹾﻤ‬‫ ﻭ‬‫ﻨﱠﺔ‬‫ﻭﺍ ﺇِﻟﹶﻰ ﺍﻟﹾﺠ‬‫ﻋ‬‫ﺩ‬‫ﺍﷲُ ﻴ‬‫ ﺇِﻟﹶﻰ ﺍﻟﻨﱠﺎﺭﹺ ﻭ‬‫ﻭﻥ‬‫ﻋ‬‫ﺩ‬‫ ﻴ‬‫ ﺃُﺅﻵﺌِﻙ‬‫ﻜﹸﻡ‬‫ﺒ‬‫ﺠ‬‫ ﺃَﻋ‬‫ﻟﹶﻭ‬‫ﻭ‬
﴾221﴿‫ﻭﻥ‬‫ﺘﹶﺫﹶﻜﱠﺭ‬‫ ﻴ‬‫ﻠﱠﻜﹸﻡ‬‫ ﻟِﻠﻨﱠﺎﺱﹺ ﻟﹶﻌ‬‫ﻪ‬‫ﺎﺘ‬‫ﺍﻴ‬‫ ﺀ‬‫ّﻥ‬‫ﻴ‬‫ﺒ‬‫ﻴ‬‫ﻭ‬
“(Эй момундар,) силер бутпарас аялдарга (Аллага
бир нерсени шерик (тең) кылган, Алладан өзгө нерселерге
сыйынган аялдарга) тээ алар ыйманга келмейинче
үйлөнбөгүлө! Арийне, (азат) бутпарас аялдан - эгер ал
(бутпарас аял) силерге жакса да, ыймандуу күң жакшы.
Тээ ыйманга келмейинче бутпарас эркектерди
(кыздарыңарга) үйлөндүрбөгүлө! Арийне, (азат) бутпарас
эркектен, ал силерге жакса да, (андан) ыймандуу кул
жакшы. Алар (бутпарастар) тозокко үндөшөт. Алла Өз
эрки, каалоосу менен бейиш жана кечиримге үндөйт
жана эскертме-өрнөк алуулары үчүн Өз аяттарын
баяндайт”. (Бакара сүрөсү, 221-аят).

12
‫ﺍﻥﹴ‬‫ﺂ ﺇِﻻﱠ ﺯ‬‫ﻬ‬‫ﺤ‬‫ﻨﻜ‬‫ﺔﹸ ﻻﹶ ﻴ‬‫ﻴ‬‫ﺍﻨ‬‫ﺍﻟﺯ‬‫ﺸﹾﺭﹺﻜﹶﺔﹰ ﻭ‬‫ ﻤ‬‫ﺔﹰ ﺃَﻭ‬‫ﻴ‬‫ﺍﻨ‬‫ ﺇِﻻﱠ ﺯ‬‫ﺢ‬‫ﻨﻜ‬‫ﻰ ﻻ ﻴ‬‫ﺍﻨ‬‫ﺃَﻟﺯ‬
﴾3﴿‫ﻴ ﻥ‬‫ﻨ‬‫ﺅْﻤ‬‫ﻠﹶﻰ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ ﻋ‬‫ ﺫﻟِﻙ‬‫ﺭﹺّﻡ‬‫ ﺤ‬‫ ﻭ‬‫ﺸﹾﺭﹺﻙ‬‫ ﻤ‬‫ﺃَﻭ‬
“Сойку эркек жалаң сойку аялга гана же болбосо
бутпарас аялга үйлөнөт. Сойку аялга жалаң сойку эркек
же болбосо бутпарас үйлөнөт. Бул нерсе (тактап айтканда
сойкуларга үйлөнүү) момундарга арам кылынган”.
(Нур сүрөсү, 3-аят).

Демек, бүт ааламдын Ээси бизди биринчиден момун


аялдарга үйлөнүүгө буйруса, кийинки аятта ыйман
келтирбеген бутпарас жана сойку аялдарга үйлөнүүдөн
кайтарды. Бул биз үчүн өтө керектүү осуят. Айрыкча,
зынаакор (сойку) эркек же сойку аял менен турмуш куруу
жөнүндөгү эскертүүлөргө катуу этибар берүүбүз зарыл.
Үйлөнмөкчү болушкандар биринчиден акылдуу, таза,
жана диндар аялды ыктыяр кылуулары керек. Себеби
такыба жана жакшы амалдарды кылуучу аял дүйнөнүн эң
артык байлыктарынан бири. Чындыгында, эркек киши
мына ушундай аялдын себебинен шыпыруу, бышыруу,
бычуу-тигүү сыяктуу иштерден арылып, илим алууга,
ибадат менен алек болууга убакыт табат. Ушул тараптан
салиха (жакшы амалдарды кылуучу), жакшы мүнөздүү
аял диний жана дүйнө иштеринде жардамчы болот.
Үйлөнүп жаткан киши теги таза-бийик сыпаттарда
болгон аялды ыктыяр кылсын. Себеби негиз (эне)
перзентти өз тарабына тартат. Мал-мүлктө, ызат-урматта
өзүнөн төмөнүрөөк аялды тандасын, себеби бул тараптан
эркектин аялдан жогору болуусу, аны фитнадан (чыр-
чатактан), келишпөөчүлүктөрдөн сактайт. Ошондой эле,
каражаты жана муктаждыгы азыраак аялга үйлөнүү керек.
Хадисте: “Муктаждыгы кем, калыңы аз жана
перзент көрүүсү оңой (тез бойкат болуучу) болгон аял
берекелүү аял”, деп айтылган.

13
“Хазар савал” деген китепте мындай икая
келтирилген: “Малика сурайт: “Бир үй-бүлөдө үч бир
тууган болуптур. Улуусунун чачы кара, ортончусунун
чачын ак аралаган, кенжесинин чачы ап-апак, мунун
себеби эмнеде?” Даанышман минтип жооп берет:
“Улуусунун чачынын каралыгына себеп, анын келинчеги
адеп-ахлактуу жана күйөөсүнө моюн сунуучу.
Ортончусунун келинчеги орточо абалда, ал эми
кенжесинин аялы адеп-ахлаксыздыгынан кабар берет”.
Тек-насабы төмөн, динге көңүл кош болгон
сайипжамал (чырайлуу) аялга үйлөнүү да жакшы эмес.
Келинди байлыгы, мансабы жана жамалына карап,
ошон үчүн гана тандоого болбойт. Эркек аялдын байлык-
мансабына карап үйлөнсө, кор болушу мүмкүн. Байлыгы
жана чырайы үчүн турмуш курса, кедей жана муктаж
болот. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи
васаллам: “Кимде-ким аялдын мал-дүйнөсү жана жамалы
үчүн үйлөнсө, анын мал-дүйнөсүнөн жана жамалынан да
куру калат. Ал эми кимде-ким аялдын дини үчүн үйлөнсө,
Алла Таала ага анын мал-мүлкүн жана жамалын да насип
кылат”, деп айткан.
Ошондой эле турган турпаты, жамалы көрүмсүз,
жашы бир топ улуу жана мүнөзү начар, адепсиз, зынаакор
(сойку), ошондой эле өзүн бийик сезген аялдарга үйлөнүү
да макул келбейт.
Риваятта келгендей, азирети Муса алайхис саламдын
коому болгон бани Исраилден бир киши: Жүз киши менен
кеңешмейинче үйлөнбөймүн”, деп убада кылат. Токсон
тогуз киши менен кеңешет да: “Эртең таңда жолумда
учураган биринчи кишинин кеңешине амал кыламын”,
дейт. Эртеси биринчиден болуп жолуккан киши камышты
ат кылып минип алган бир дубана эле. Бул нерседен
жанагы киши өтө капа болот. Бирок түндө берген
убадасына туруп, ал дубанадан кеңеш сурамакчы болуп,

14
ага жакын келет. Дубана болсо минип алган камыш атына
колун жаңсап: “Жаныма жакындаба, атым тебет”, деп
кетүүгө ашыгат. Бул киши: “Атыңды токтот, мага сенин
кеңешиң зарыл, мен үйлөнмөкчүмүн”, дейт. Дубана бир аз
ойлонуп туруп: “Билгин, аялдар үч түрдүү болот:
биринчиси сенин пайдаңа, экинчиси сенин зыяныңа,
үчүнчүсү болсо же сенин пайдаңа же зыяныңа”, дейт да
атынын башын буруп кете баштайт. Ал дубананы
токтотуп: “Айткандарыңды мага чечмелеп бер”, дейт.
Дубана ага мындай жооп кайтарат: “Биринчи түрү
дегеним, бул бакира (жубан эмес) кыз. Себеби никеден соң
анын жүрөгү жана мээрим-махабаты артып, сага гана
байланат. Анткени ал сенден башка менен үлпөт жана
жакындык кылбаган. Экинчи тайпа дегеним, балалуу
жесир аял. Ал сенин малыңды жейт, бирок мурдагы
күйөөсү үчүн көз жашын төгөт. Үчүнчүсү, пайдаңа же
зыяныңа дегеним, бул мурдагы күйөөсүнөн перзенти
болбогон жубан. Эгерде сен мурдагы күйөөсүнөн
жакшыраак болсоң, сени дос тутат, кокус жаманыраак
болсоң, анда сага душман болушу мүмкүн”.
Дубананын жообунан айран-таң калган ал киши
минтип сураптыр: “Сөздөрүң хикматтуу (мааниси терең),
бирок эмне үчүн кылгандарың дубанапейил?”. Дубана
минтип жооп берет: “Эй бурадар! Мени ары
жоопкерчиликтүү, ары акыретте жообу катуу жана оор
болгон казылык мансабына дайындашмакчы эле. Мен бул
оор жоопкерчиликти кабыл кылбоо максатында өзүмдү
дубаналыкка салдым жана андан кутулдум”.
Даанышмандар айтышкан: Үйлөнүүчүнүн болочоктогу
келинчеги өзүнөн төрт нерседе: жашта, турпатта,
байлыкта, мансапта жана этибарда төмөн болгону оң, ал
эми төрт нерседе өзүнөн жогору болгону жакшы алар:
чырайда, адепте, мүнөздө жана такыбалыкта.

15
Жигит кызга тойдун алдында түрдүү жыттууларды,
атыр-упа, сурма сыяктуу кооздоно турган нерселерден
белек-бечкектерди жиберсин, өзү да анын үстүнө кирээрде
жыттуу нерселерден себинсин. Ошондой эле, никеден
мурда кыз менен күйөөнүн бир ирет жолугушуулары
сүннөт. Анткени, никеден мурда өкүлдөрдүн алдында
бири-бирин көрүүсү тойдон кийин өз ара жакын жана
үлпөт болууларына себеп болот. Үйлөнүп жаткан жигит
өзүнүн махрамдары – энеси, эже-карындашы, атасы менен
бир тууган эже-карындашы же тайежеси аркылуу болочок
келинчегинин жүзүн, эриндерин, тиштерин, каш-кабагын,
көздөрүн, кирпиктерин, чачын, моюн-тамактарын,
балтырларын текшерип, ал тургай жытын текшерип алса
да туура. Никеден кийин аны жактырбай калбастыгы үчүн
ушундай кылса болот.

Күйөө тандоо
Аялдар да өздөрүнө чак-ылайык диндар, такыба, адеп-
ахлактуу, колу ачык, эр жүрөк жана жоомарт күйөөнү
ыктыяр кылышсын, эч качан фасык (бузук) жана адепсиз
кишиге турмушка чыкпасын. Расулуллох соллоллоху
алайхи васаллам: “Кайсы бир аял фасык (бузук) адамга
турмушка чыгууга ыраазы болсо, Кыямат күнү
кабырынан маңдайына “Алланын рахматынан үмүтсүз”
деп жазылган абалда тургузулат. Эсиңерде болсун, менин
шапаатымды каалаган аял фасык (бузук) кишини күйөө
кылбасын”, деп айткан.
Сылык жана адептүү кыздарын фасык (бузук) жана
түрү суук, ыйман-ишеничи алсыз, аялдын укуктарына
карай албай турган, ошондой эле тек тарабынан өздөрүнө
барабар болбогон жигиттерге узатышпасын. Кыздардын
укуктарын сактап, аларды ылайыктуу жерге узатуу өтө
милдеттүү иш.

16
Ыйык хадисте: “Өзүнүн ызаттуу жана адептүү
кызын фасык (бузук) кишиге узаткандын үстүнө ар күнү
миң каргыш түшөт, кылган амалы асманга чыкпайт,
дубалары кабыл болбойт...”.
Ошондой эле, киши өзүнүн жаш кызын улуу
жаштагы, начар жана көрүмсүз кишиге бербесин, себеби
мындан келишпөөчүлүк пайда болушу мүмкүн.
Кыздын өзүнө ылайык күйөөдөн жуучу келсе,
кыздын ээси ойлонуп олтурбасын. Анткени, бай-дөөлөттүү
же мансаптуу күйөө күтүү же башка кечиктирүү себебинен
фитнага (келишпестикке) жана бузукулукка дуушар
болушу мүмкүн.
Хадисте: “Үч нерсе: намаз убагы киргенде, жаназа
даяр болгондо жана кыз бала өзүнө ылайык күйөө
табылганда кечиктирилбейт”, деп айтылган.

Калың
Нике учурунда күйөө тараптан келинге толук өздүк
мүлк кылып бериле турган махр (калың) деп айтылат.
Калың бул – никенин важибтеринен болуп, анын
өлчөмү нике учурунда аныкталат. Нике учурунда калың
аныкталбаса да нике туура боло берет, бирок калыңдын
окшошун берүү важиб болот. Калыңдын окшошу деген –
келинге ата тарабынан тууган, акылы, диндарлыгы,
чырайы, жашы, мал-мүлкү жана мансабы тарабынан
барабар, ал тургай кыз же жубандыгы ылайык болгон
теңинин калың өлчөмү. Эгерде ата тарабынан теңи
табылбаса, анда башкаларга салыштырылат.
Калың күйөө тараптын мүмкүнчүлүгүнө карап
белгиленет. Калыңды төмөндөгү риваятка ылайык берүү
сүннөт. Расулуллох сололлоху алайхи васаллам кызы
Фатима розияллоху анханы Али каррамаллохи важхуга

17
төрт жүз мыскал нукура (алтын теңге) калың менен
узаткан.
Калыңдын эң аз өлчөмү да болот жана бул өлчөм
“Мажмаъул-максуд” деген китепте калыңдын эң аз
өлчөмү он дирхам (34гр. күмүш теңге) деп айтылган.
Эгерде калың бул өлчөмдөн кем белгиленсе да он дирхам
берүү важиб болот.
Көбүнчө, нике учурунда кыздын калыңын
белгилебестен, “калыңга бир үй, алты кой, бир ую менен”-
деп коюшат. Бул нерсени келин-күйөө түшүнбөйт дагы.
Натыйжада келиндерибиздин укуктары тебеленет. Үй да,
мал да болочок үй-бүлөнүн жалпы мүлкү. Нике учурунда
күбөлөрдүн катышуусу менен калыңды анык белгилөө,
бул нерсе келиндин өздүк жана кол тийгис мүлкү
экендигин түшүндүрүү, күйөөгө болсо убада кылынган
калыңды эч качан эстен чыгарбастан, тапшырууну
милдеттендирүү, айрыкча керек нерсе.
Калыңды чын дилден ыраазы болуп, курсантчылык
менен берүү керек. “Ниса” сүрөсүнүн 4-аятында Алла
Таала:

﴾ 4﴿...‫ﺨﹾﻠﹶﺔﹰ‬‫ ﻨ‬‫ﺘﻬﹺ ﻥ‬ ‫ﻗﹶﺎ‬‫ﺩ‬‫ ﺼ‬‫ّﺴﺂﺀ‬‫ﺍﺘﹸﻭﺍ ﺍﻟﻨ‬‫ ﺀ‬‫ﻭ‬

“Аялдарга калыңдарын чын дилден (ыраазылык


менен) бергиле!...” деп буйруган.
Маалым, бүгүнкү күндө күйөө тараптан келин тарапка
той каражаттары үчүн нерселерди жиберүү адаты бар.
Келин тараптагылар бул нерселерди тойго иштетишет
жана калган нерселер калың болобу же жокпу, деген суроо
туулат. Эгерде тойдун каражаты ниетинде гана
жиберилген болсо, калыңга эсептелбейт, бирок келиндин
калыңы - деп берген болсо, калың эсебине өтөт. Кыздын
жоопкерчиликтүү ээси кабыл кылса да жогоруда айтып
өткөнүбүздөй, калың келиндин өздүк жана кол тийгис

18
мүлкү болгондугу үчүн, аны чыгымдоо да келиндин
ыктыярында. Бул нерселерди келинден сурабастан
иштетүүгө эч кимдин, ал тургай ата-энесинин да акысы
жок.
Бүгүнкү күндө олуттуу нерселерден болуп эсептелген
бир адат бар. Айрым жерлерде келин тарап күйөө тараптан
“сүт акы” жана ушуга окшогон нерселерди үмүт жана
талап кылышат. Бул нерселердин калыңга эч кандай
тиешеси жок, тескерисинче, бузук-жаман иштердин
катарына кирет.
Кээ бир элдер азырга чейин калың деп, көп мал-мүлк
алуу максатынан кутула албай жатышат. Келин алуу үчүн
көптөгөн акча, ондогон мал-кой, кийим-кечек жана буюм-
тайымдарды берүүгө, келин келгенден кийин андан ушул
нерселерди өндүрүп алууга үйрөнгөн үй-бүлөлөр алиге
чейин бар. Мунун динге байланышы жок, бул – бидъат
(жаман адат), айрыкча, азыркы шартта калкыбыздын
башына түшкөн кыйынчылык. Кала берсе, мындай калың
алуу жана берүү кыздарыбыздын укуктарын кемсинтүү,
аларды соодалоо дегендик.
Мына ушул жаман адаттын себебинен канча жигиттер
үйлөнө албай, кыздарыбыз болсо турмуш кура албай,
бактысы тебеленүүдө... Кыздарыбызды “кымбатырааккка
сатуу”ну ойлобой, анын ордуна ага Алладан бактылуулук,
перзент, үй-бүлөсүнө береке-кут сурап, дубада болгонубуз
жакшы эмеспи?! Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам:
“Муктаждыгы кем, калыңы аз жана перзент көрүүсү
оңой болгон аял берекелүү аял”, деп бекеринен айтпаган.
Ошондой эле калыңдын нак жана насыя түрү бар.
Бирок, айтып өтүлгөндөй, калың өз ыктыярын башка бир
адамга тапшырып жаткан кыздын көңүлүн көтөрүү, жаңы
үй-бүлөсүнө, айрыкча өмүр шеригине мээрим-махабатты
арттыруу үчүн берилет, насыядан көрө нак берилгени
жакшы.

19
Күйөө калыңды төлөө үчүн келинден мөөнөт
сурабасын, эгерде келин өз ыктыяры менен кечиктирүүгө
ыраазы болсо, эч зыяны жок. Жигит калыңдын баарын
бере албаса да бир бөлүгүн эртерээк жөнөтсүн.
Калыңдын белгилүү бир бөлүгүнө кыздар үчүн
кызыктуу болгон билерик, сөйкө, шакек сыяктуу алтын
тагынчактарды, маржан, акак сыяктуу зыйнаттар жана
атыр-упа сымал жыттуу нерселер алынып, нике учурунда
берилсе, чынында пайдалуу болот. Кала берсе, оюн
күлкүгө жакын аялдар үчүн, бул бактылуу күндөрдөн
кымбаттуу бир эстелик болуп калат. Бул учурда да албетте
күйөөнүн мүмкүнчүлүгүнө жана туруштугуна этибар
бериш керек.

Никенин убагы
Шариятта нике үчүн атайын бир ай же бир күн
белгиленген эмес. Бирок шавал айында никеленүү
жакшыраак. Себеби Аиша энебиз (Алла андан ыраазы
болсун): “Мени Пайгамбар соллоллоху алайхи васаллам
шавал айында никесине алды”, деп айткан. Маалым,
шавал айы камарий айларынын үчүнчүсү эсептелип,
рамазан жана курбан айттарынын арасында келет.
Төмөнкү риваят эл арасында кеңири таралган: “Эки
айттын арасында никеленүүгө болбойт” деген туура эмес
ишенимдин жокко чыгуусуна далил болот. Пайгамбар
соллоллоху алайхи васалламдын “Эки айттын ортосунда
нике жок” деген сөзүн азирети Абу Бакр Сиддик
розияллоху анху мындайча чечмелеген: “Бул сөз эки айт
арасында нике болбойт, дегендик эмес. Бул хадистин
себеби мындай: бир жылы кыш мезгилинде айт намазы
жума күнүнө дал келип калды. Расулуллох соллоллоху
алайхи васаллам айт намазын окуду жана жума намазына
даярданмакчы болуп, үйүнө кайтты. Сахабалардан бири

20
Расулуллох соллоллоху алайхи васалламдын жанына келип:
Эй Алланын элчиси! Азыр баланча жерде бир нике бар
эле...”, деди. Кыш мезгилинде күндүн кыскалыгынан
жума намазына убакыт аз калгандыктан Расулуллох
соллоллоху алайхи васаллам эки айт арасында, тактап
айтканда айт менен жума намазынын арасында нике
жок, деди”. Анткени жума күнү да мусулмандарга айт
(майрам) болуп саналат.

Никенин сүннөттөрү
Нике менен зынааны (сойкулукту) ажыратуу үчүн
никени эл арасында жарыя жана ачык кылуу сүннөт. Шаар
жеринде көбүнчө Аиша розияллоху анха энебиз риваят
кылган хадиске ылайык, нике негизинен мечиттерде
окулат. Бирок кыштактарда бул нерсенин тескерисин
көрөбүз. Тактап айтканда келиндерди кечинде купуя же
күйөөнүн үйүнө алып баргандан кийин, кээде эки үч күн,
кээде болсо бир жумадан кийин нике окулат.
Эгерде келин уурдалган болсо, бул нерсе канчалык
сүннөткө, ал тургай парзга да каршы келип, үйгө бакыт
эмес, балээ алып келиши мүмкүн.
Нике учурунда эң кеминде төрт кишинин (күбө
катары) катышуусу шарт.Ошондой эле, төмөнкү хадисте
да ушул туурасында баян кылынган: “Төрт киши
катышпаган нике сифах (тактап айтканда туура эмес,
зынаа): үйлөнүүчү, келин же келиндин өкүлү жана эки
адилеттүү күбө”.
Нике учурунда кутба окуу да сүннөт. Ошондой эле,
келин-күйөөнүн башынан чачыла (кант-бечектерди жана
тыйындарды) чачуу жана адамдардын чачылаларын
таберик катары тездик менен терип алуулары да сүннөт
болуп саналат.

21
Бекемдеп өтүү керек, Мухаммад алайхис саламдын
жана сахабалар розиялоху анхумдун замандарынан кийин
жаңы чыккан амалдар бидъат (жаңылык) деп айтылат.
Бирок бидъат (жаңылык) экиге бөлүнөт: жакшы бидъат
жана жаман бидъат. Шариятка ылайык болгон бидъат
(жаңы) амалдар жакшы бидъат болуп, ага амал кылуу
сооптуу жана кабыл кылынган.
Сүннөттөрдөн дагы бири күйөө көшөгөгө биринчи
ирет киргенде келиндин буттарын жууп, суусун үйдүн
бурчтарына себет. Анткени, бул амал себептүү ушул үйгө
береке-кут кирет.
Мазхабыбыздагы негизги фикх китептеринин бири
болгон “Муктасарул викоя”нын туркий кеңейтмеси
“Мажмаъул максуд”да төмөндөгү хадис келтирилген: Аби
Саъид Худрий розияллоху анхудан риваят кылынган:
Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам кээ бир
сахабаларына осуят кылып: “Качан, жаңы алган аялың
үйүңө келсе, олтургандан соң бутундагы маасыны чечип,
эки бутун жуугун андан агып түшкөн (иштетилген) сууну
(идишке тосуп алып) үйдүн эшигине (босогого) жана
(төрт) бурчуна сеп. Ушундай кылсаң, Кудай Таала сенин
үйүңдөн жетимиш түрдүү кедейликти чыгарат жана
жетимиш түрдүү байлыкты киргизет. Ошондой эле
жетимиш рахматын сага түшүрөт, ал рахмат
жубайыңдын үстүндө термелип турат, ал тургай ал
рахматтын берекеси үйүңдүн ар бир бурчтарына жетет
жана ал аял, ар дайым үйдө болсо, жин, макоо жана ала
оорусунан сак болот”.

* * *

22
Нике тою
Никенин таанымал сүннөттөрүнөн бири, эл-журт
алдына мүмкүнчүлүккө карап дасторкон жайып, зыяпат
өткөзүү. Айрыкча, келин тойдо даярдалган тамакты
каниймет билүү керек. Себеби улукмандарыбыз бул
зыяпатта бейиш ниематтары (сыйлары)нан бир үлүш бар,
деп айтышкан. Ибрахим алайхис салам жана
пайгамбарыбыз Мухаммад соллоллоху алайхи васаллам
бул даам үчүн дуба кылышкан.
Эскертүү: Никенин жарыясы үчүн ихсан (кайрым)
кылынса, артыкча шаан-шөкөт, мааркануу жана
ысыраптан сактанып, сүннөткө ылайык той өткөрүү керек.
Анан да, өзүнө ток, колунда бар кишилерди гана чакырып,
калгандарын унутуп калбоо керек. Себеби хадисте:
“Кедейлерди чакырбастан, байлар үчүн гана даярдалган
даам эң жаман даам”, деп бекем айтылган.
Келин никеден мурда жарашыктуу кийимдерди
кийип, чачтарын тарап, көздөрүнө сурма тартып, кол-
аяктарына кына коюп, жыттуулардан себинип,
зыйнаттануусу керек. Бирок эч качан авратты (шарияттагы
уяттуу жерлерин) жаппастан, жарым жылаңач абалда
башкаларга өзүн көргөзбөсүн, анткени жакшылык-
берекеден куру калып, наалатка калат.
Күйөө келиндин үстүнө киргенде, экөө тең эки рекет
нафил (ыктыярдуу, сооп) намазын окушсун. Андан соң
күйөө колун келиндин маңдайына коюп мындай дубаны
окусун:

‫ﺎ‬‫ﻗﹾﻬ‬‫ﺯ‬‫ﺎ ﻭ ﺍﺭ‬‫ﻨﹾﻬ‬‫ﻰ ﻤ‬‫ﻗﹾﻨ‬‫ﺯ‬‫ ﺍﺭ‬‫ﻡ‬‫ﻰ ﺃَﻟﻠﱠﻬ‬‫ﻴ‬‫ﻰ ﻓ‬‫ﻠ‬‫ ﻟِﻰ ﺃَﻫ‬‫ﺎﺭﹺﻙ‬‫ ﺒ‬‫ﻰ ﻭ‬‫ﻠ‬‫ﻰ ﺃَﻫ‬‫ ﻟِﻰ ﻓ‬‫ﺎﺭﹺﻙ‬‫ ﺒ‬‫ﻡ‬‫ﺃَﻟﻠﱠﻬ‬
‫ﺭﹴ‬‫ﻰ ﺨﹶﻴ‬‫ﺭﻗﹾﺕﹶ ﻓ‬ ‫ﻨﹶﻨﹶﺎ ﺇِﺫﹶﺍ ﻓﹶ‬‫ﻴ‬‫ ﻓﹶﺭﹺّﻕﹾ ﺒ‬‫ﺭﹴ ﻭ‬‫ﻰ ﺨﹶﻴ‬‫ﺕﹶ ﻓ‬‫ﻌ‬‫ﻤ‬‫ﺎ ﺠ‬‫ﻨﹶﻨﹶﺎ ﻤ‬‫ﻴ‬‫ ﺒ‬‫ﻊ‬‫ﻤ‬‫ ﺍﺠ‬‫ﻡ‬‫ّﻰ ﺃَﻟﻠﱠﻬ‬‫ﻨ‬‫ﻤ‬

“Аллохумма барик лий фий ахли ва барик ли ахлий


фиййа, Аллохуммарзукний минха варзукха минний,

23
Аллахуммажмаъ байнанаа ма жамаъта фий хойрин ва
фаррик байнана иза фарракта фи хойрин”.
Мааниси: “Оо, Жараткан! Мени жубайым үчүн жана
жубайымды мен үчүн жакшылыктуу жана берекелүү кыл!
Жаратканым, жубайымдан мага менден жубайыма
ырыскы (перзент) бер! Аллам, албетте бизди жакшылык
менен жанаштыргын, эми ажыратсаң да жакшылык
менен (өмүр бүткөндө) ажыраткын!”
Жубайы менен жыныстык мамиле кылуудан мурда
төмөнкү дубаны окуу керек:

‫ﻥ‬‫ ﻤ‬‫ﺀ‬‫ﺕﹶ ﺸﹶﻰ‬‫ﻴ‬‫ﺎ ﻗﹶﻀ‬‫ ﻓﹶﻤ‬‫ﻡ‬‫ﺎ ﺃَﻟﻠﱠﻬ‬‫ ﺃَﺨﹶﺫﹾﺘﹸﻬ‬‫ﻙ‬‫ﺎﻨﹶﺘ‬‫ ﺒﹺﺄَﻤ‬‫ﺎ ﻭ‬‫ﻬ‬‫ﺠ‬‫ﻠﹾﺕﹸ ﻓﹶﺭ‬‫ﺘﹶﺤ‬‫ ﺇِﺴ‬‫ﻙ‬‫ﻤ‬‫ ﺒﹺﺈِﺴ‬‫ﻡ‬‫ﺃَﻟﻠﱠﻬ‬
‫ﻁﹶﺎﻥﹺ‬‫ﺍ ﺸﹶﺭﹺﻴﻜﹰﺎ ﻟِﻠﺸﱠﻴ‬‫ﺩ‬‫ﻔﹾﺴ‬‫لْ ﻤ‬‫ﻌ‬‫ ﹶﻻ ﺘﹶﺠ‬‫ﺎ ﻭ‬‫ﻭﹺﻴ‬‫ﺎ ﺴ‬‫ﻤ‬‫ﻠ‬‫ﺴ‬‫ ﻤ‬‫ﻠﹾﻪ‬‫ﻌ‬‫ﺍﺠ‬‫ﺎ ﻭ‬‫ﻴ‬‫ﺍ ﺘﹶﻘ‬‫ ﺒﹺﺭ‬‫ﻠﹾﻪ‬‫ﻌ‬‫ﺎ ﻓﹶﺎﺠ‬‫ﻬ‬‫ﻤ‬‫ﺤ‬‫ﺭ‬

“Аллохумма би-исмика исталахту фаржаха ва би


амаанатика ахозтуха, Аллохумма фа маа козойта шай-ан
мин рахимиха фажъалху баррон такиййнан важъалху
муслиман савиййан ва лаа тажъал муфсидан шарикан
лишшайтони”.
Мааниси: “Оо, Аллам! Сенин атың менен муну өзүмө
адал кылдым жана Сенин аманатың менен аны алдым.
Жаратканым, мунун жатынында эмнени өкүм кылсаң,
аны жакшы амалдуу, такыба, чыныгы мусулмандардан
кылгын жана шайтандын шериктеринен кыла көрбө!”
Журтубузда никеге тиешелүү түрдүү үрп-адаттар жана
жөрөлгөлөр болуп, алардын баары эле туура жана
динибизге туура келе бербейт. Кээ бир жерлерде бир
болбогон адаттар бар. Той бүтөөрү менен, көшөгөгө кыз-
күйөө үчүн жай даярдалып, айланасында келиндин эже-
тайежелери, жеңелери туруп алып, күйөөнү күтүп
олтурушат. Күйөө беш-алты курдаштары менен келип,
жакындарынын ортосунда олтурган келинди көтөрүп,
даярдалган орунга ыргытышат. Аялдар дароо алардын
үстүн көрпө менен ороп коюп, таң атканга чейин ушул
24
жерде, өткөн-кеткенден, эр-аялдын өздөрүнө тийиштүү
болгон мамилелерден, пардасыз сөздөрдөн аңгемелешип
олтурушат.
Мындай адат, биринчиден динибизге туура келбейт.
Себеби сүннөт боюнча, кыз-күйөөнү өзүнчө калтыруу
керек. Экинчиден, кыз-күйөөнү көрпөнүн астында таң
атканга чейин тумчуктуруп, демдерин жутуп
чыгууларынан кимге пайда?! Анын үстүнө көрпөнүн
кыймылдаганын көрүп калышса: “Бүгүнчө өзүңөрдү
тыйып тургула” деген сөздөр менен аларды уялтуу, өз үй-
бүлөлөрүндөгү сырларын башкалардын алдында айтып,
турмуш куруп жаткан жаштарга тескери таасирин тийгизүү
кайсыл ыкмага туура келет?! Мындай беймаани адаттардан
сактанып, сүннөткө туура келген жолду тандашыбыз
керек.
Тажырыйбалуу окмуштуу, шыпаакер-андролог Өктөм
Мухаммад Мурад “Никенин биринчи түнү” аттуу
китебинде эскертип өткөндөй, мындай үрп-адаттар турмуш
босогосуна эми кадам коюп жатышкан кыз-күйөөгө
руханий таасир этип, алардын башталгыч
жандашууларына тоскоолдук кылат. Мындай учурлар ар
түрдүү түшүнбөстүктөргө, көңүл калууга жана ал тургай
кээ бир үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна да себеп болот.

Жыныстык мамленин сүннөтөрү


Кошулууда (жыныстык мамиледе) да сүннөт жана
адептер бар. Биринчиден эркек киши адал жубу менен
кошулуп, уяттуу мүчөсүн арамдан (зынаадан-сойкулуктан)
сактоосу, зыяндуу заттардан, тактап айтканда артыкча
уруктан денесин бошотууну ошондой эле денин
ырахаттандырып, аны аярлоо жана тарбия кылууну ниет
кылсын. Ошентип, анын табиятында ушул байланыш
себебинен кубат пайда болсун. Кээ бир шыпаакерлердин

25
сөздөрүнө караганда, жакындык кылуу көңүлгө кубаныч
жана курсантчылык алып келүүсү менен бирге табитиңди
да ачат, ачууланганыңды сындырып, бузук пикирлер жана
азгырыктарды мээден сүрүп чыгат.
Эр-аял жакындык кылгандан кийин денедеги
булганычты аарчуу үчүн өз-өзүнчө мата колдонуулары да
сүннөт. Эгерде экөө бир матаны колдонушса ортолорунда
сууктук түшүүсүнө себеп болот.
Кошулаардан мурда Аъузу биллахи минаш-шайтонир
рожиим, бисмиллахир рохманир рохиим”, деп төмөнкү
дубаны окусун:

‫ﻗﹾﺘﹶﻨﹶﺎ‬‫ﺯ‬‫ﺎ ﺭ‬‫ ﻤ‬‫ﻁﹶﺎﻥ‬‫ّﺏﹺ ﺍﻟﺸﱠﻴ‬‫ﻨ‬‫ ﺠ‬‫ ﻭ‬‫ﻁﹶﺎﻥ‬‫ّﺏﹺ ﺍﻟﺸﱠﻴ‬‫ﻨ‬‫ ﺠ‬‫ﻡ‬‫ﺃَﻟﻠﱠﻬ‬


“Аллохумма жаннибиш шайтона ва жаннибиш
шайтона ма розактана”.
Мааниси: “Аллам! Бизден жана бизге бере турган
ырыскыңдан (перзенттен) шайтанды ыраак кыл!”
Эгерде Алла Таала аларга перзент берсе, ушул
дубанын берекеси менен жин-шайтандардан ал перзентке
эч кандай зыян жетпейт.
Эгерде перзент уул болуусун кааласа, албетте катуу
ыклас-ишенич менен “Ихлас” сүрөсүн окуп, мындай дуба
кылсын: “О, Алла! Эгерде ушул кошулуудан мага уул
перзент тартууласаң ага пайгамбарыбыз Мухаммад
Мустафа соллоллоху алайхи васалламдын куттуу атын
коёмун”. Ошондо Алла Таала кааласа, ага уул перзент
берет. Хадисте келген: “Кимде-ким боюнда бар аялынын
курсагынын үстүнө колун коюп, “Ихлас” сүрөсүн жана
жогорудагы дубаны окуса, Алла кааласа, уул төрөлөт”.
“Шыпаа” китебинде жазылгандай, эгерде нутфа (урук)
эркектин оң тарабынан аялдын оң тарабына түшсө, уул,
тескерисинче, сол тараптан сол тарапка төгүлсө, кыз
төрөлөт. Дагы бир риваятта: Аял айыздан тазаланаары
менен биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин жакындык
26
кылынса, уул, бешинчи күндөн үчүнчү күнгө чейин
жакындык кылынса, кыз төрөлөт. Албетте, бул - бир
себеп. Негизинде, кимге кыз жана кимге уул берүү
Курандын аяттарына ылайык Алланын каалоосу-ыктыяры.
Билип алуу зарыл, дене жана напси жай баракат
абалда, таза жана жыттуу орунда, шаттуулук жана
курсантчылык абалда жакындык кылуу важиб
амалдардан. Ачууланганда, кайгы-камга чөгүп турганда,
ошондой эле, мас абалда (Алла сактасын) жакындык
кылбасын.
Жакындык кылуудан мурда ойноп, тамашалашып,
эркелешип, өбүшүп, кучакташуу керек. Келинчегинин
көздөрүндө шахват (дүүлүгүү) пайда болгонго чейин, эркек
анын чачтарынан сылап, маңдайынан көздөрүнөн,
жүзүнөн, эриндеринен, моюн-тамактарынан өпкүлөп,
көкүрөгүн акырындык менен кармалап, денесин, сан жана
жан жерин жумшактык менен сылап-сыйпаласын.
Анткени, кошулаардан мурда бул аракеттерди жасоо
денеге ырахат тартуулоо менен бирге, перзенттин толук
акылдуу жана алты саны аман төрөлүүсүнө себеп болот.
Эркек жана аял инзалда (урук төгүлөөрдө) бири-
бирине дал келүүлөрү керек. Анткени, эгерде эркек аялдан
мурда бошонсо (уругу түшсө), аял киши күнүнүн калган
бөлүгүн көңүлсүз жана баамсыз өткөрөт.
Эгерде аял күйөөсүнүн жанынан ыраазы болбостон
(канааттанбастан) туруп кеткен болсо, анда бул үйдө
экөөнүн арасында келишпөөчүлүк башталат.
Эр аялдан мурда бүтсө шашылып
Үй-бүлөдө болот жаңжал каршылык
Эркек бошонгондон кийин аялы ырахат алып,
сандарын бири-бирине бириктирип, кысмайынча, анын
үстүнөн эркек түшпөсүн. Хадисте да айтылат:

27
“Эркек аялы менен жакындык кылганда корозго
окшоп секирбесин”. Бул киная (какшык) кошулууну тез
баштап, тез бүтүрбөөгө далаалат.
Бир риваятта бойго бүтүрбөө үчүн бошонуу учурунда
аялдын кынынан мүчөнү чыгарып, урукту сыртка төгүү
тыйылынган. Бирок кээ бир аалымдардын айтымдарына
караганда, бул нерсе аялдын ыраазылыгына каралат.
Эгерде ушул сөздөргө таяныла турган болсо, айрым
аялдардын шыпаакерлердин кеңеши жана ден-соолугуна
карап, түрдүү ыкмалар менен бойго бүтүүдөн сактанууга
болот.
Эркек менен аял ар дайым, айрыкча жакындык
кылган учурда жыныс мүчөлөрүн, дене, ооз, кийим жана
орундарын таза тутуулары керек. Анткени, дене же
кийимдин таза эместиги, демдин жаман жыты эркектин
да, аялдын да бири-бирине болгон мээримин сындырып,
жакындык мамилесин солгундатат. Айрыкча, аял жатаар
алдында таза жана жакшы жыттуу болуусу, жеңил кооз
кийим кийип, чачтарын тараганы, жеңил-жумшак аракет
кылып, уяңдык менен жылуу жылмайуусу, назданып
жанга тарткан сөздөрү менен күйөөсүнүн шахват
(дүүлүгүү) сезимин ойготсун. Акылдуу, камкор, мээрбан
аял ушундай кылса, эр-аял кошулуудан салыштырмасыз
лаззат жана ырахат таап, бири-биринен чексиз курсант
болот.
Эркек кошулуудан кийин аялдан дароо бурулуп, көнүл
бурбастан, андан мурда уйкуга кетпесин. Анткени, мындай
аракет аялдын көңүлүнүн калуусуна себеп болот. Эркек
киши дайыма, айрыкча, уйку убагында аялдын күзөтчүсү
жана коргоочусу болуп эсептелет. Турмуштун
көркөмдүктөрүнөн курсант кылган бактылуу жана
чырайлуу адал жубуна бейпил уйкуга кеткен учуру
термелүүнүн да өзүнө жараша ырахаты бар. Эркек
кошулаар алдында аялына кандай милайым-жумшак жана

28
махабаттуу болсо, кошулгандан кийин да ушундай мамиле
көрсөтүшү керек.
Кошулуу учурунда көп сүйлөшпөө да сүннөт болуп
эсептелет. Себеби бул учурда көп сүйлөшүү төрөлө турган
наристенин сакоо же дудук болуп калуусуна себеп болот.
Дагы кээ бир китептерде айтылгандай, аялдын фаржына
(жыныстык мүчөсүнө) назар салуу төрөлө турган
перзенттин сокур болуу ыктымалын күчөтөт жана эркекти
унутчаак кылып коёт, сезимин алсыздатат.
Азан жана икомат учурунда кошулуу перзенттин
риякор (эл көзү үчүн амал кыла турган) болуусуна,
дааратсыз кошулуу сараң болуусуна, жылдыздардын жана
айдын астында жамынбастан жакындык кылуу перзенттин
мунафык (эки жүздүү) болуусуна себеп болот. Курсактын
ач жана бош абалында кошулуу зыянсыз болуп, баланын
напси жана руху жеңил болуусуна себеп. Такыба жана
этияттык тарабынан жогорудагы кеңештерге амал кылуу
албетте пайдадан алыс эмес.
Эркек аялынын айыз абалында тап-такыр жакындык
кылбасын. Себеби бул учурда жакындык кылуунун арам
экендиги Курандын аяттары менен аныкталган. Бул
жөнүндө айыз бөлүмүндө кеңири баяндалат, буйруса.
Ээн ыңгайлуу жайда кошулуу адеп, ал тургай
жанында Куран, жаш наристе же жаныбар болсо да
жакындык кылбоо керек. Эгерде ортодо парда же тосмо
болсо зыяны жок. Ар айдын ортосунда жана ай чыккан
түндө жамынчаксыз жакындык кылуудан этият болуу
керек. Анткени бул кечелерде жиндер топтолгон учур
болуп, төрөлө турган наристеге зыян жетиши, ал тургай
алсыз болуу ыктымалы да бар.
Ошондой эле, ихтиламдан (түш же башка себептен
булганып калгандан) соң заара кылбастан же мүчөсүн
жуубастан жыныстык мамиле кылбасын. Мындайда
шайтан жакындыкка шерик болуп, перзенттин унутчаак

29
же акылы төмөн болуп төрөлүүсүнө себеп болот. Кечинде
кошулуп, таң атканга чейин гусул кылбай (жуунбастан)
уктоо макрух (жек көрүлгөн).
Аялдын арткы түтүгүнө жакындык кылбасын.
Анткени, бул нерсе кичи ливата (бачабаздык) болуп,
шариятта өтө катуу тыюу салынган, мындай жийиркенич
ишти кылган киши каргышка жолугат.
Эр-аял кошулуу учурунда үстүлөрүнө жамынчык
жапсын. Эркек көп кошулуусу менен сыймыктанбасын,
адепсиздикке жатат. Аялынын чырай-жүзүн мактабасын.
“Бустан” деген китепте айтылат: “Төрт нерсенин
натыйжасын билбей туруп: тамак сиңбей туруп, жоокер
уруштан кайтпай туруп, үрөөн түшүм бербей туруп жана
аялды өмүрдүн акырына чейин мактоо жакшы эмес”.
Эркек аялы менен жакындык кылууну көпкө
создуктуруусу зыян алып келет. Анткени, кудуктун суусу
алынып турбаса, кургап калышы мүмкүн. Кээде
жакындык кылууну көпкө чейин таштагандарда баш
айлануу, көздүн караңгылашуусу, дененин оорлошуусу,
жумурткалардын жана аялдарда көкүрөк шишүүсү жана
ушул сыяктуу оорулар пайда болот.
Бир себептер менен эр-аялдын жакындык кылууга
күчү алсызданып калса, мүмкүнчүлүкө жараша денени
кубаттандыра турган тамак жана суусундуктардан, жакшы
азык жана дарылардан пайдалануусу керек. Экөөнүн тең
кошулууга каалоосу артып, бири-бирине жакын жана ынак
болсун үчүн. Эгерде убактылуу жакындык кылуудан
сактануу керек болсо, анда күчсүз тамактардан жеп же
орозо кармагандары максатка ылайык.
Чектен ашыкча жыныстык мамиле кылуу да денеге,
көзгө алсыздык келтирет. “Ихйау уълумуд-дин” деген Абу
Хамид Газзалийнин китебинде эркек киши ар төрт күндө
бир жолу жакындык кылуусу жетээрлик деп айтылган.
Азирети Али каррамаллоху важху (Алла анын жүзүн

30
нурдуу кылсын): “Орточо болгон кошулуудан сөөктөргө
чучук, көздөргө нур, денеге кубат кошулат деп айткан.
Кошулгандан соң заара жолун уруктун калдыгынан
(заара кылып болсо да) бошотуу важиб. Болбосо калган
урук кайтып, заара жолун тосот. Натыйжада дабасыз
дартка чалдыгышы мүмкүн. Кошулуудан соң даарат алуу,
жеңил уктоо жана эгерде экинчи ирет кошулууну кааласа
же тамактануунун зарылдыгы туулса, даарат алуу сүннөт.
Бир риваятта айтылгандай, эркек менен аялы кошулуудан
соң оң тарапка бурулуп, бир аз укташса, ден-соолукка
пайдалуу жана уул перзент төрөлүүсүнө себеп болот.
Даанышмандар айткан: эгерде аялды коркутуп же
мажбурлап кошулса, төрөлгөн перзент зээни жок жана
кемчонтой болот. Пешин намазынан алдын, айдын
башында жана таң атаар мезгилдеги кошулуудан толук
жана улук перзент төрөлөт.
Дүйшөмбү күнү кечинде жакындык кылуудан бүткөн
перзенттин кары (Куран жаттоочу) болуусунан үмүт
кылынат. Перзенттин колу ачык, берешен болуусу үчүн
шаршемби түнкү жакындык осуят кылынган. Бейшемби
түнүндөгү жакындык себебинен, перзент такыба аалым
болушу күтүлөт. Бейшемби күнү бешим намазынан
мурдараак жакындык кылууда, шайтан кача турган
даанышман жана аалым перзент дүйнөгө келет. Жума
күнүнүн түнүндөгү жакындык кылуудан бүткөн перзент
ибадатчыл жана ыкластуу болсо да, перзенттин бактылуу
болуусу үчүн жума намазынан алдыныраак убакытта
жакындык кылууну каниймет билүү керек. Бул
кеңештердин бардыгы далил жана кабарлардын негизинде
аныкталган. Валлооху аъламу бис-саваб - аныгын Алла
билүүчү.

* * *

31
Гусулдун парздары
Инсанга кайсыл себептен болбосун гусул кылуу
(жуунуу) важиб болгон учурду жунубтук деп айтылат.
Жунубтук таза эместик абал экендиги көпчүлүгүбүзгө
маалым. Ошондуктан мусулмандарга ушул абалда гусул
кылып (жуунуу), тазалануу зарыл.
Жакындыктан соң гусул кылуунун парз экендиги
Курани каримдин аяттарынын негизинде аныкталган.
Тактап айтканда, Алла Таала “Ма‘ида” сүрөсүнүн 6-
аятында:

﴾6﴿...‫ﻭﺍ‬‫ﺭ‬‫ﺎ ﻓﹶﺎﻁﱠﻬ‬‫ﻨﹸﺒ‬‫ ﺇِﻥ ﻜﹸﻨﺘﹸﻡ ﺠ‬‫ ﻭ‬...

“...Эгерде силер жакындык кылсаңар, өтө


(жакшылап) тазалангыла!...”, деп буйрат.
Гусулда үч парз бар: Ооозду жуумак, мурунду чайкоо,
бүткүл денеге суу жеткизүү.
Оозду жууганда суунун тамакка толук жетүүсү үчүн
гар-гара кылып чайкоо керек. Эгерде тиштердин арасында
тамак калган болсо, тишти тазалап, арасына суу
жеткирсин. Гусул кылганда оозду жуумак кыялынан
көтөрүлгөн болсо, оозго өзүнө үч жолу суу алып, гар-гара
кылса жетиштүү болот.
Мурунга да терең суу тартып чайкоо керек. Суу
мурунга терең жетип, ачыштырсын. Орозо кармаган
болбосо жеткиликтүү чайкоо керек. Орозо кишиге гусул
(жуунмак) милдет болуп калса, оозу-мурдун этияттык
менен жуусун. Себеби суу тамак жана мурундун түпкүрүнө
чейин барса, ашказанга суу кетип калуу себебинен орозосу
бузулуп калышы мүмкүн. Ошондой эле жуунганда көлмө
же идишке толтурулган сууга түшпөө керек. Анткени
түтүктөр аркылуу суу кирип, ооз ачылып калуу коркунучу
бар. Мындайда кокус суу кирип, ооз ачылып калса, туткан

32
орозосун ачпайт, бирок кийин казасын кармоо керек.
Ошондуктан орозо киши мүмкүнчүлүктүн болушунча
гусулду (жуунмакты) милдет кыла турган амалдардан
сактануусу, кокус ушундай жагдайга туш келип калса, ооз
жана мурунду өтө этияттык менен чайкоосу, мурунга суу
жеткиргенде сол колдун кичине манжаларынан
пайдалануусу зарыл.
Рамазан айында күндүзү уктап, түшүркөө себебинен
уругу чыккан болсо, гусул (жуунмак) милдет болот.
Мындай учурда ооз-мурунду жууга туура келет. Белгилеп
өтүү керек, биздин мазхабда ооз менен мурун дааратта
ички, гусулда сырткы мүчө болуп эсептелет. Ошондуктан
бул мүчөлөрдү жуумак дааратта сүннөт болсо, гусулда
парз.
Башка мүчөлөрдү да жеткиликтүү жуу керек, эгерде
бир тал чачтын ордунчалык жери калып калса да киши
жунубтуктан (булганычтан) таза болбойт. Хадисте: “Ар бир
тал чачтын түбүндө жунубтук (булганыч) бар, демек,
чачыңарды жуугула жана денеңерди тазалагыла”, деп
айткан. Дагы бир хадисте Расулуллох соллоллоху алайхи
васаллам: “Жунубтуктан (таза эместиктен) бир тал
чачтын ордундай жерге суу жеткизбеген кишиге тозокто
ар-түрдүү азаптар берилет”, деп айткан.
Эгерде тырмактардын арасында же денесинде камыр
сыяктуу жабышкак нерселер калган жана денеге суу
жетүүсүнө тоскоолдук кыла турган болсо, мындай учурда
гусул (жуунууга) мүмкүн эмес. Биринчиден ошол нерсени
кетирүү жана анын астына суунун жетиши зарыл. Ал эми
ылай, топурак жана кир сыяктуу нерселерди суунун өзү
кетире алгандыгы жана бул нерселер сууну өзүнө сиңирип
алуучу болгондугу үчүн гусул кылуу (жуунуу)га болот.
Кол жана буттардын тырмактарына коюлган азыркы
күндөгү лак сыяктуулар да ушул өкүмдө. Эгерде чачка же
сакалга май сүртүлгөн болсо, самын же ушул сыяктуу

33
нерселер менен жуу шарт эмес, суунун өзү менен жууган
жетиштүү болот.
Адатта аялдар сөйкө тагуу үчүн кулактарын көзөшөт.
Гусул учурунда кулагындагы сөйкөнү ары-бери
жылдырып, кыймылдатпаса, тешиктин ичине суу жетти,
деп жүрөгү жай алуусу менен жетиштүү болот. Эгерде
жүрөгү жай албаса, албетте, сөйкөнү кыймылдатып,
тешиктин ичине суу жеткирүү шарт. Сөйкө тагылбаган
учурда да ушундай. Күмөнү басымдуулук кылбаганда
гана, колу менен ышкалап суу жеткизсе, жетиштүү болот.
Чөп же башка нерсенин жардамы менен тешиктин ичине
суу жеткизүү кыйынга тургандыктан, мунун кажети жок.
Эгерде гусул кылуучунун манжаларындагы шакек энсиз-
тар болсо, анын ары-бери кыймылдатып, ордуна суу
жеткизүү зарыл.
Сүннөткө олтургузулбаган эркектердин кесилбеген
жеринин ич тарабына суу жеткизүү милдет. Киндиктин
ичине да кичине манжаларынын жардамы менен
ышкалап, суу жеткирүү важиб амалдардан.

Гусулдун сүннөттөрү
Гусулда да тартип менен жуунуу сүннөт. Гусулдун
сүннөтү алтоо, алар:
1. Эки колун мууну менен кошуп жуумак. Эгерде бир
колу таза эмес болсо, кумгандын же ушуга окшош
идиштин кармагычы булганбас үчүн, биринчи идишти таза
кол менен кармап, булганыч колун үч жолу жууйт, анан
эки кол жуулат. Эгерде эки кол тең таза эмес болуп, суу
куюп берүүгө эч ким болбосо, анда бир таза матаны
тиштеп алып, сууга салып, колго куюлат. Идиш болбогон
учурда даарат алуу тартиби да ушундай.
2. Суу менен истинжа кылуу (булганычты тазалоо).
Тактап айтканда оң кол менен суу куюп, сол кол менен

34
аврат (булганч чыккан) жерлерин көңүлү жай алганга
чейин жуумак.
3. Денеде булганыч болсо, биринчиден аны кетирүү.
4. Намазга даарат алгандагы сыяктуу даарат алуу.
Пайда: Даарат алганда гусул кылуу максатында
оозду гар-гара кылып, каңылжарды ачыштырып жууса,
гусулду баштаганда жуу шарт эмес. Бирок кол жана ооз
сыяктуу дааратта жуулган мүчөнү гусулда кайрадан
жуумак сүннөт. (“Шарху викоядан”).
5. Даараттан кийин тартип менен бүткүл денеге үч
ирет суу жеткирүү. Тартип менен суу жеткирүүнүн баяны,
биринчи оң, анан сол желкеден, андан соң башына жана
башка мүчөлөрүнө үч иреттен суу жеткирилет.
Бирок Аиша розияллоху анха энебизден мындай
риваят бар: “Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам
биринчи сууну башына, андан соң оң, анан сол желкелерине
жана башка мүчөлөрүнө куюп жуучу эле”. Ушул хадис
“Мишкат”да (Хадистер топтому жазылган китепте)
муттафакун алайх (төрт имам бир сөзгө келишип ушул
хадисти кубатташкан),- деп жазылган. Башка көптөгөн
китептерде да мисалы, “Маслакатул муттакин” деген
китепте ушул хадиске амал кылуу керектигин айткан.
Гусул жана дааратта биринчи жолу суу куюп, ышкалап
жуумак парз, экинчи жана үчүнчүсү сүннөт.
6. Эки бутту жуумак. Эгерде суу буттун астында
көлчүктөп, топтоло турган орунда, мисалы, идишке түшүп
жуунса, даарат кылган учурда буттар жуулбайт, бирок таза
таш же тактай сыяктуу нерсенин үстүндө болсо, бут даарат
учурунда жуулат жана гусулдун акырында жуумак шарт
эмес.
Аялдардын чачтары өрүлгөн болсо, жандырышпайт.
Чачтарынын астына суу жетсе жетээрлик болот. Чачтарын
жандырып (жайып) жуумак машакаттуу болгондуктан
учтарын бир нерсеге илип же күйөөсүнүн жардамы менен
35
кургак калтырса болот, жуумак шарт эмес. Расулуллох
соллоллоху алайхи васаллам Умму Салама розияллоху
анха энебизге: “Суу чачтарыңдын астына жетсе, сага
жетиштүү болот”, деген. Бирок гусул кылып жатканда
аялдардын чачтары жайылган абалда болсо, чачтарына
толук суу жеткизип жуумак зарыл болот.
Жогорудагы хадис аялдарга гана тиешелүү Эгерде
эркектердин чачтары узун же өрүлгөн болсо, анда
чачтарын жазып, чачын жана башын сакалдары сыяктуу
толук жуумагы парз. Эгерде бир тал чачына же сакалына
суу жетпей калса да, жунубтуктан (булганычтан) таза
болбойт. Ошондуктан азирети Али каррамаллоху важхаху
(Алла анын жүзүн нурлуу кылсын):

‘‫ﻰ‬‫ﺭﹾﺃﺳ‬ ُ‫ﺖ‬‫ﻳ‬‫ﺎﺩ‬‫ﻰ‘ﻋ‬‫ﺭﺃﹾﺳ‬ ُ‫ﺖ‬‫ﺩﻳ‬ ‫ﺎ‬‫ﻰ ‘ﻋ‬‫ﹾﺃﺳ‬‫ُ ﺭ‬‫ﺖ‬‫ﻳ‬‫ﺎﺩ‬‫ ﻋ‬‫ ﺛﹶﻢ‬‫ﻦ‬‫ ﻣ‬‫ﻭ‬


“Ва мин самма адайту ро‘сии, адайту ро‘сии, адайту
ро‘сии”,
“Ошондуктан башымды душман туттум, башымды
душман туттум, башымды душман туттум”, деп
чачтарын тез-тез алдырып тураар эле.
Албетте, гусулду көздөн оолак орунда кылуу керек.
Анткени аялдардын бүткүл денеси, эркектердики болсо,
киндиктен тизенин алдына чейин (киндик жана тизе да)
аврат (уят жер) болуп эсептелет. Авратты (уят жерди)
жабуу милдеттүү парз. Ошондуктан эркектер көл, дарыя
же деңиз сыяктуу ачык жерлерде жуунушса, шалбар же
узунураак мата байлап алуулары шарт. Болбосо күнөөкөр
болушат.
Гусул кылып жатканда сөз сүйлөбөө жана кыбыла
тарапка бет албоо мустахаб (сооп). Жуунуп болгондон
кийин арчынуу керек.

* * *
36
Гусулдун ниети
Гусул кылаардан мурда жуунууга ниет кылуу сүннөт.
Биринчи жолу суу куюнганда төмөнкүчө ниет
кылынат:

‫ﻭ‬ ‫ﻠﹶﻭﺓ‬‫ﺔﹰ ﻟِﻠﺼ‬‫ﺎﺤ‬‫ﺒ‬‫ﺘ‬‫ ﺍﺴ‬‫ ﻭ‬‫ﺙ‬‫ﺩ‬‫ﺎ ﻟِﻠﹾﺤ‬‫ﻓﹾﻌ‬‫ ﺭ‬‫ﺔ‬‫ﻨﹶﺎﺒ‬‫ ﺍﻟﹾﺠ‬‫ ﻥ‬‫لَ ﻤ‬‫ ﺃَﻏﹾﺘﹶﺴ‬‫ﺕﹸ ﺃَﻥ‬‫ﻴ‬‫ﻨﹶﻭ‬
‫ﺭ‬‫ﺎﻟﹶﻰ ﺍﷲُ ﺃَﻜﹾﺒ‬‫ ﺍﷲِ ﺘﹶﻌ‬‫ ﻥ‬‫ﺎ ﻤ‬‫ﺒ‬‫ ﺘﹶﻘﹶﺭ‬‫ﻥﹺ ﻭ‬‫ﺩ‬‫ﺓﹰ ﻟِﻠﹾﺒ‬‫ﺎﺭ‬‫ﻁﹶﻬ‬
“Навайту ан агтасила гусулам минал жанаабати
рафъал лил хадаси вастибахатан лис-солаати ва
тахаротан лил бадани ва такаррубам миналлохи таала,
Аллоху Акбар”.
Мааниси: булганычты кетирүү, намаз жана башка
ибадаттар үчун денени тазалоо жана Аллага жакын болуу
үчүн жунубтук гусулун ниет кылдым. Аллоху Акбар.

Суунун өлчөмү
Шариятта ар кандай ысырапкерчилик караланат.
Курани каримдин төмөндөгү аяттарына негизделип
ысырап арам кылынган.
Алла Таала “Аъроф” сүрөсүнүн 31-аятында:

‫ ﻻﹶ‬‫ﻭﺍ ﻭ‬‫ﺒ‬‫ﺍﻟﺸﹾﺭ‬‫ ﻜﹸﻠﹸﻭﺍ ﻭ‬‫ ﻭ‬‫ﺠﹺﺩ‬‫ﺴ‬‫ ﻜﹸلِّ ﻤ‬‫ﻨﺩ‬‫ ﻋ‬‫ ﺨﹸﺫﹸﻭﺍ ﺯﹺﻴﻨﹶﺘﹶﻜﹸﻡ‬‫ﻡ‬‫ﺍﺩ‬‫ﻰ ﺀ‬‫ﻨ‬‫ﺎ ﺒ‬‫ﻴ‬
﴾31﴿‫ﻴﻥ‬‫ﺭﹺﻓ‬‫ﺴ‬‫ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ﺏ‬‫ﺤ‬‫ ﻻﹶ ﻴ‬‫ﺭﹺﻓﹸﻭﺍ ﺇِﻨﱠﻪ‬‫ﺘﹸﺴ‬
“Эй, Адам балдары, ар бир таазим этүү мезгилинде
тазалангыла, сулуулангыла (тагыраагы, таза кийингиле)
ошондой эле (каалаганыңарча) жеп-ичкиле, ысырап гана
кылбагыла. Анткени Ал (Алла Таала) ысырап
кылуучуларды сүйбөйт”, деп эскертет.
“Исро‘” сүрөсүнүн 26-27-аяттарында болсо:

37
﴾26﴿‫ﺍ‬‫ﻴﺭ‬‫ﺫ‬‫ ﺘﹶﺒ‬‫ّﺭ‬‫ﺫ‬‫ ﻻﹶ ﺘﹸﺒ‬‫ﺒﹺﻴلِ ﻭ‬‫ ﺍﻟﺴ‬‫ﻥ‬‫ﺍﺒ‬‫ ﻭ‬‫ﻴﻥ‬‫ﻜ‬‫ﺴ‬‫ﺍﻟﹾﻤ‬‫ ﻭ‬‫ﻘﱠﻪ‬‫ﻰ ﺤ‬‫ﺒ‬‫ ﺫﹶﺍ ﺍﻟﹾﻘﹸﺭ‬‫ﺍﺕ‬‫ ﺀ‬‫ﻭ‬
﴾27﴿‫ﺍ‬‫ ﻜﹶﻔﹸﻭﺭ‬‫ﺒﹺّﻪ‬‫ ﻟِﺭ‬‫ﻁﹶﺎﻥ‬‫ ﺍﻟﺸﱠﻴ‬‫ ﻜﹶﺎﻥ‬‫ﻴﻥﹺ ﻭ‬‫ﺎﻁ‬‫ ﺍﻟﺸﱠﻴ‬‫ﺍﻥ‬‫ ﻜﹶﺎﻨﹸﻭﺍ ﺇِﺨﹾﻭ‬‫ّﺭﹺﻴﻥ‬‫ﺫ‬‫ﺒ‬‫ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ﺇِﻥ‬

“(Эй Мухаммад) тууган-урукка, бей-бечара жана


жолоочу-мусапырга (кайыр-садага кылуу менен)
акыларын аткаргын жана ысырапкерчиликке жол
бербегин. Анткени ысырап кылуучулар шайтандардын
туугандары. Шайтан болсо, Роббисине бүтүндөй каапыр
болгон”, деп буйрат.
Ошондуктан биз бул орунда даарат жана гусул
кылууда сууну ысырап кылбоо үчүн анын шариятта
белгиленген өлчөмүн айтып өтөбүз.
Маалым, ар бир заманда өзүнө тийиштүү өлчөө жана
тартуу куралдары болгон. Мисалы, ман, соъ, ротл, кадак
жана башка... “Солату Масъудий” китебинин “гусулдун
сүннөттөрү” бөлүмүндө жана Фаридуддин Аттордун
“Чахар китеп” (“Төрт китеп”) деген китебинде даараттын
суусунун өлчөмү бир жарым ман, гусулдун суусу төрт
ман, деп белгиленген.
“Фарханг” деген китепте 1 ман – 846 граммга барабар
деп айтылган. Демек, даараттагы бир жарым ман суу 1кг.
269 граммга жана гусулдагы төрт ман суу 3кг. 384 граммга
барабар келет. Дааратта белгиленген 1кг. 269 грамм
өлчөмдөгү сууну үчкө бөлүп иштетүү көрсөтүлгөн.
Даарат суусунун үчтөн бири 423 грамм, тактап
айтканда жарым манга барабар. Үчтөн бири менен
истинжа кылат (булганыч жерин жууйт). Дагы бир бөлүгү
менен оозу-мурдун, бети-колун жууп, башына масх тартат
(нымдайт). Калганы менен буттар жуулат. Истинжа
(булганычты кетирүү) үчүн бул өлчөмдөгү суу менен
жүрөк жай албаса, анда жүрөгү жай алганга чейин сууну
иштетүүгө болот.

38
“Солату Масъудий” китебинде гусулдагы төрт ман
суунун бир жарым манына жогорудагы тартипте даарат
алынса, калган бөлүгү, тактап айтканда, 2кг. 115граммы
менен денени тартип менен жууйт деп дайындалган.
Гусулдан мурда денедеги булганычтарды жуумак үчүн
иштетилген суу бул өлчөмгө кошулбайт. Себеби, суу
булганычтын кетүүсүнө карап иштетилет.
“Жамиъур-Ромуз” китебинде мындайча риваят
кылынат: “Бир күнү Расулуллох соллоллоху алайхи
васаллам Саъд розияллоху анхуну гусулда сууну көп
иштетип жатканын көрүп, мындай деген: “Эй Саъд!
Сууну ысырап кылбагын” Саъд розияллоху минтип
сурады: “Я, Расулаллах, парзды аткарып жатканда да
суу ысырап болобу?” Расулуллох соллоллоху алайхи
васаллам: “Эгерде агып турган суу болсо дагы ысырап
болот”, деп жооп кайтарды. Саъд розияллоху анху дагы
сурады: “Гусул суусунун өлчөмү канча, йа Расулаллах?”
Пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи васаллам: “Төрт ман”
деп жооп берди. Саъд розияллоху айтты: “Я, Расулаллах,
мага бул өлчөмдөгү суу жетпейт”. Расулуллох соллоллоху
алайхи васаллам: “Эй Саъд! Бул өлчөмдөгү суу силерден эң
жүндүүрөөк жана ибадаттуураак кишилерге да жетиштүү
болот”, деп артыкча иштетүүгө уруксат берген жок.
Албетте, азыркы заманда өнүгүүнүн себебинен даарат
жана гусул кылууда коммуналдык ишканалар тарабынан
бериле турган ысык-муздак суулардан пайдаланабыз.
Моюнга алуубуз керек, көпчүлүгүбүз жумуракты ачып,
сууну агызып койгон боюнча гусул же даарат кылабыз.
Бул абал айрыкча, көп кабаттуу үйлөрдүн
жашоочуларында болот. Ысыраптын канчалык арам
экендигин билип туруп, ушундай кылууну уланта берсек,
чынында Аллага жакпайт.
Мындай учурда сууну болушунча коромжусуз
сарптайлы, күнөөлөрүбүз, ысыраптарыбыз үчүн аалам

39
Ээсине тообо кылып, гусул жана дааратта сууну бир
идишке, мисалы, кумганга алып иштетели. Адатта бир
кумганга бир жарым литр суу батат. Демек, даарат үчүн
бир кумган, гусул кыла турган болсок, үч кумган сууну
иштетүүбүз максатка ылайык болот. Ошондой эле сууну
керектүү өлчөмдө ачып иштетсек, зыяндан алыс болобуз.
Бирок аныгын Алла гана билүүчү.

Гусулдун важиб болушу


Гусулду важиб тактап айтканда, жуунууну милдет
кыла турган амалдар бешөө, алар:
1. Нутфанын (уруктун) лаззат (таттуулук) жана
катуулук менен чыгуусу. Урук өз ордунан (белден) лаззат
жана катуулук менен ажыралып, мүчөдөн жай абалда
чыкса да Имам Аъзам мазхабында жуунуу милдет болот.
Аныктама: Нутфа (урук) ушундай суу; бул суунун
себебинен Алла Таала өз кудурети менен бардык
жанзаттарды жаратат. Нутфа (урук) эркек-аялга да
барабар болуп, эркек кишинин белинен, ал эми аялдын
көкүрөгүнөн бөлүнүп чыгат. Эркектин уругу коюу жана ак
түстө, ал эми аялдардан келе турган урук болсо коюу
бирок сары түстө болот. Перзенттин атасы же энесине
окшош болуусу ушул сууга тиешелүү. Эгерде эркектен келе
турган урук мурда же көбүрөөк болсо, перзент атасына,
ал эми тескерисинче болсо, энесине окшош болуп
төрөлөт.
2. Жакындык кылуучу эркектин мүчөсүнүн башкы
бөлүгү кылынуучунун алдына же арткы түтүгүнө кирүүсү.
Мындай учурда урук түшсө да түшпөсө да экөөнө тең
жуунуу милдет болот. Хадисте: “Качан эки хатна
(кесилген-сүннөт кылынган) байланышса жана хашафа
(эркектин мүчөсүнүн башкы бөлүгү) кирген болсо, урук
түшсүн-түшпөсүн, баары бир жуунуу важиб”, деп айтылат.

40
Бул өкүм инсандарга гана тиешелүү. Айбантабият бир
инсан жаныбар менен жакындык кылса, гусул важиб
болуусу үчүн нутфанын (уруктун) чыгуусу шарт.
Эскертүү: Жогоруда бирөөнүн арткы түтүгүнө
жакындык кылуу себебинен жуунуу милдет болуу
маселеси баяндалды. Ушул бузук амал оор кылмыш,
күнөөсү чоң. Азирети Сопу Аллаяр рахматуллохи алайх
өзүнүн “Маслакатул-муттакин” деген китебинде мындай
деген:
Наалаттуу да мындай бузук амал кылбас,
Бул күнөөнү кылган демек, шайтандан пас.
Ким кызыгып, пайдаланса арткы жолдон,
Жана дагы ал күнөөгө ыраазы болгон.
Ырахматтан өтө эле болуп узак,
Жараткандын каргышына жолугушат.
3. Ихтилам, тактап айтканда уйкудан ойгонгон учурда
кийиминде же денесинде манийди же мазийди
(суюктукту) көрүүсү.
Инсандан үч түрдүү суюктук келет: маний, мазий
жана вадий. Маний деген бала боло турган урук. Мазий
болсо, ал эркек киши аялы менен тамашалашып,
ойногондо же өзүнчө кыялданып дүүлүккөндө келет,
келгени билинбей да калышы мүмкүн. Түсү тунук суу
сымал, манийден суюк болот. Ойгоо абалда келсе,
дааратты бузат, бирок гусул (жуунуу) милдет болбойт.
Уйкуда келген болсо, маний болуу ыктымалы бар
болгондуктан жуунууну важиб кылат. Анткени маний
көпкө туруп калса суюлуп, мазий сымал болуп калышы
мүмкүн. эгерде түш көрсө, ойгонгондо эч кандай суюктук
көрбөсө, гусул важиб болбойт. Бирок түш көрбөсө да,
ойгонгондо кийиминде же денесинде мазий же манийдин
издерин, тактап айтканда нымын тапса, гусул кылат.

41
Хадисте: ‫ﺍﳌﺎﺀ ﺑﺎﳌﺎﺀ‬ “Ал маа‘у бил маа‘и, “Сууну көрүү гусулдан”,
деп айтылат.
Вадий да суюк болуп, кээде заарадан кийин келет.
Дааратты бузат, бирок гусулду милдет кылбайт.
Эскертме: Жакындыктан соң, гусулдан мурда бир аз
уктоо же басуу же заара кылуу керек. Эгерде ушул
айтылган үч амалдан бирин да аткарбастан дароо гусул
кылса (жуунса), анан жуунгандан кийин калып калган
маний-урук келсе, кайрадан гусул кылуу важиб болот. Ал
эми жогорудагы айтылган аракеттерден бирин аткаргандан
кийин гусул кылгандан соң калып калган маний келсе, бул
нерсени мазий өкүмүнө жүктөп, кайра баштан гусул
кылынбайт. Бул өкүмдөр эркек менен аялга бирдей.
4-5. Айыздан (этеккирден) жана нифастан (төрөттөн
кийинки келе турган кандан) кийин тазалануу үчүн гусул
кылуу важиб (милдет) болот.

Тазалык
Тазалык, тактап айтканда эки айыздын арасындагы
тазалык мөөнөтүнүн эң азы он беш күн, он беш түн.
Эгерде он беш күнгө жетпестен дагы кан келсе, бул
истихаза (оору себептен келген кан) болот. Он беш күн, он
беш түндөн кийин келген кан кезектеги айыздан болуп
саналат. Тазалык мөөнөтүнүн акыркы чеги белгиленбеген.
Анткени аялдар эки-үч жыл жана кээде андан да көбүрөөк
айыз көрбөй жүрүүлөрү мүмкүн.
Маселе: айыз мөөнөтүндө аралашкан (арага кирип
калган) тазалык, тактап айтканда аял бир же эки күн кан
көрүп, анан бир нече күн таза жүрсө жана он күндүн
ичинде кайра кан көрсө, арадагы кан келбеген күндөр да
айыз өкүмүндө болот. Ошондой эле, айыз мөөнөтүндө ак

42
түстөн башка ар кандай түстөгү кан айыз канынын
өкүмүндө болот.

Айыз
(этек кир)
Билип алуу керек, аялдарга тиешелүү болгон кан үч
түрдүү болот, алар: айыз, нифас (төрөттөн кийинки келе
турган кан) жана истихаза (оору себебинен келген кан).
Айыз – балагатка, тактап айтканда тогуз жашка
жеткен жана карылык жашынан, тактап айтканда элүү
беш жаштан өтпөгөн аялдардын жатынынан келе турган
кан. Бул кан белгилүү мөөнөттө келет, бирок түрдүү оору
себебинен болбоосу керек.
Айыздын эң кыска мөөнөтү үч күн, үч түн. Ал эми
көбү болсо, он күн, он түн. Үч күн, үч түнгө жетпесе же он
күн, он түндөн өтүп кетсе, ошондой эле балагатка
жетпеген же кан көрүү курагынан өткөн аялдардын
жатынынан кан келсе, бул айыз каны эмес, истихаза (оору
себебинен келген) кан болот. Кезеги келгенде бул жөнүндө
токтолуп өтөбүз, буйруса.
Бардык аялдардын эле айыз көрүү мөөнөттөрү он
күнгө жетип барбайт: кээ бирлеринде беш, кээ бирлеринде
алты, жети, сегиз же тогуз күнгө улануусу мүмкүн.
Балагатка жеткенден соң эки-үч жолу айыз көрүп бирдей
мөөнөттө токтосо, бул мөөнөт ал аялдын адаты болот.
Демек, ар бир аял өзүнүн адаты боюнча айыз көрсө,
мөөнөтүндө токтогондон кийин он күн болушун күтпөстөн
гусул кылат (жуунат) жана ага айыз учурунда тыйылган
амалдардын бардыгы адал болот.

* * *

43
Айыз учурунда тыйылган амалдар
Айыз учурунда аялдар төмөндөгү ибадат жана
амалдарды аткаруудан тыйылган: намаз окуу, орозо тутуу
(рамазан орозосун да), мечитке кирүү, Каъба ташын таваф
кылуу (айлануу), Куранды (ичи көңдөй болгон) сырт-
капсыз кармоо, жана жатка же куранга (кармабастан)
карап окуу, жыныстык катнаш кылуу.
Айыз убагындагы намаздардын казасы окулбайт,
Алла Тааланын мээримдүүлүгү жана берешендиги менен
моюндан милдети алынат. Бирок айыз көргөн аял, намаз
убагы киргенде, мүмкүнчүлүгүнө карап, даарат менен
жайнамазда сүкүт кылып (унчукпастан) олтурса, соопко
жетишет. Рамазан айынын орозосунун казасын болсо
айттан кийин кечиктирбестен дароо тутуп бериши керек.
Ажыга барган аял айыз көрсө, Арафат тоосунда туруусу
мүмкүн.
Айыз абалындагы аял менен жакындык кылуу
төмөндөгү Куран аяттары менен арам кылынган. Алла
Таала “Бакара” сүрөсүнүн 222-аятында:

‫ﻴ ﺽﹺ‬‫ﺤ‬‫ﻰ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ ﻓ‬‫ﺂﺀ‬‫ّﺴ‬‫ﺘﹶﺯﹺﻟﹸﻭﺍ ﺍﻟﻨ‬‫ ﺃَﺫﹰﻯ ﻓﹶﺎﻋ‬‫ﻭ‬‫ﻴ ﺽﹺ ﻗﹸلْ ﻫ‬‫ﺤ‬‫ﻥﹺ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ ﻋ‬‫ﺌَﻠﹸﻭﻨﹶﻙ‬‫ﺴ‬‫ ﻴ‬‫ﻭ‬
‫ ﺍﷲُ ﺇِﻥ‬‫ﻜﹸﻡ‬‫ﺭ‬‫ﺙﹸ ﺃَﻤ‬‫ﻴ‬‫ ﺤ‬‫ﻥ‬‫ ﻤ‬‫ ﻥ‬‫ ﻓﹶﺄْﺘﹸﻭﺍﻫ‬‫ﻥ‬‫ﺭ‬‫ﻁﻬ‬
‫ ﻓﹶﺈِﺫﹶﺍ ﺘﹶ ﹶ‬‫ﻥ‬‫ﺭ‬‫ﻁﹾﻬ‬‫ﺘﱠﻰ ﻴ‬‫ ﺤ‬‫ﻥ‬‫ﻭﻫ‬‫ﺒ‬‫ ﻻﹶ ﺘﹶﻘﹾﺭ‬‫ﻭ‬
﴾222﴿‫ﺘﹶﻁﹶﻬﹺّﺭﹺﻴﻥ‬‫ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ﺏ‬‫ﺤ‬‫ ﻴ‬‫ ﻭ‬‫ﺍﺒﹺﻴﻥ‬‫ ﺍﻟﺘﱠﻭ‬‫ﺏ‬‫ﺤ‬‫ﺍﷲَ ﻴ‬

“(Эй, Мухаммад,) Сенден айыз-этеккир жөнүндө


сурашат. Айткын: “Ал жийиркеничтүү нерсе. Демек,
айыз учурунда аялдарыңардан оолак болгула жана (алар)
таза болгонго чейин жакындабагыла! Таза
болгондорунан кийин гана аларга Алла буйруган
тараптан келгиле! Албетте, Алла тообо кылуучуларды
жана өздөрүн ар дайым таза тутуучуларды сүйөт”, деп
буйруган.
44
Мазхабыбыздын аалымдары аялдын айыз абалында
же арткы жолуна жыныстык катнаш кылууну адал деген
киши динден чыгат, деп айтышкан. Айыз абалында
унутуп жакындык кылып койгон учурда эгерде кан кызыл
түстө болсо, бир динар (алтын теңге) жана эгерде сары
түстө болсо, жарым динар (алтын теңге) садага бериши
керек.
Демек, аялдар айыз учурунда күйөөсү аларга
кызыкпашы үчүн эски, көрүмсүз кйимдерден кийип,
мүмкүнчүлүк болушунча өзүнө тартуучу интимдүү мамиле
жана аракеттерден тыйылуулары керек.
Айыз-этек кир учурунда аялдын киндигинен тизесине
чейин болгон мүчөлөрүнө кол тийгизбестик керектиги
фикх (шарият) китептеринде баяндалган. Бирок эркек айыз
көргөн аялынын башка мүчөлөрүн кармоосу мүмкүн жана
христиандарга каршы кылуу үчүн ал менен бир төшөктө
жатуусу сүннөт болуп саналат. Айыз абалдагы аял менен
маектешүүгө, бир дасторкондо олтурууга болот. Аялдын
баласын эмизүүсү, негизинен бул дүйнөлүк мамилелерди
жана үй иштеринин бардыгын кылууга болот.
Айыз нике окууну да тыйбайт. Ошондуктан айыздары
той күнүнө туш келген келиндерди нике окубастан
күйөөнүн үйүнө алып барууга кеңеш бере турган жахил
(илимсиз)дердин пикирлери болбогон нерсе.
Айыз жана нифас канын көргөн аялдар Куранды
кармоо жана окуудан кайтарылган болушса да, шүгүр
айтуу үчүн “Алхамду лиллах”, бир жакшы ишти
баштаарда “Бисмиллахир Рохманир Рохиим” деп айтууга
болот.
Диний сөздөрдү айтуусу, балдарды же башкаларга
үйрөтүүсү мүмкүн. (Дааратсыз киши Куранды кармабастан
же жатка окуса болот, бирок даарат менен окуса, сообу көп
жана сүннөткө ылайык болот).

45
Жогоруда айтылгандар, тактап айтканда айыз жана
нифастуу аялдар, дааратсыз жана жунуб (жуунуу милдет
болгондор) Куранды кармашпайт. Бирок Куран салынган
сырт-кабы менен этияттап кармоосу мүмкүн, ал эми
аяттар жазылган тыйын, идиш жана кагаздарды кармоого
болбойт.
Эскертүү: Маалым, айыз жана нифас учуру урматтуу
аялдар үчүн машакаттуу бир учур. Кээ бир жахил
(илимсиз) кишилер айызды айып- деп айтышат экен.
Тескерисинче, айыз айып эмес, ал тургай пазилет
(артыкчылык) болуп саналат. Айызда Алла Тааланын бир
нече хикматтары (пайдалары) болуп, алардан биринчиси
перзент көрүү. Алла Таала тартуу кылган нерселер,
күмөнсүз, пенделердин пайдасы үчүн болот.
Хадисте: “Аялдардын үч күндүк айызы бир жыл
ысытмалоодон улугураак, бир күндүк ысытмалоо бир
жылдык ибадаттан артык”, деп айткан. Ошондой эле,
бир күн нифас канын көрүү кырк жихаддан (Алла жолунда
согушуудан) жакшыраак, баланы эмизүү кул азат
кылуудан жакшыраак жана перзент эмген сүтү үчүн энеге
кырк ажылык жана умранын (ыктыярдуу ажылыктын)
сообунан артыкча сооп жазылат.
Азирети Аиша розияллоху анха энебиз Расулуллох
соллоллоху алайхи васалламдан мындайча риваят кылган:
“Эгерде аял айыз көрсө, мурунку күнөөлөрүнө
каффарат (жазана) болот. Эгерде айыз көргөн күнү:

‫ﺃﹶﳊﻤﺪ ﷲ ﻋﻠﻰ ﻛﻞﹼ ﺣﺎﻝ ﻭ ﺃﺳﺘﻐﻔﺮ ﺍﷲ ﻣﻦ ﻛﻞﹼ ﺫﻧﺐ‬


“Алхамду лиллахи аъла кулли хал ва астагфируллоха
мин кулли занбин”.
Мааниси:“Ар кандай абалда да Аллага мактоо болсун жана
бардык күнөөлөрүмө истигфар (кечирим тилеймин) айтамын),
десе, Алла Таала анын тозок отунан аман болуусун, Сирот

46
көпүрөсүнөн сак-саламат өтүүсүн жана бейишке кирүүсүн
камсыз кылат. Ал аялдын даражасын кырк шейиттин
даражасындай бийик көтөрөт”.
Хасан Басрий рахматуллохи алайх: “Бул сооп жана
мартабалар күйөөсүнө баш ийген, шарият өкүмдөрүнө
амал кыла турган жана өзүн чоочун эркектерден сактай
турган салиха (жакшы амалдуу) аялдар үчүн
сүйүнчүлөнгөн”, деп айткан.
Икая кылынат: “Пайгамбар соллоллоху алайхи
васалламдын учурунда бир сахаба жихадка (согушка)
кетип жатып, аялына: “Мен кайтып келгенче үйдөн
чыкпагын”, деп кеткен экен. Капыстан ал аялдын атасы
ооруп калды жана Расулуллох соллоллоху алайхи
васалламга киши жиберип, оорукчан атасынан кабар алуу
үчүн уруксат сурады. Расулуллох соллоллоху алайхи
васаллам: “Күйөөсүнө моюн сунсун”, деди.
Эки-үч күн өтөөрү менен атасынын ахыбалы
оорлошуп калгандыгы жөнүндө кабар жетти. Кайрадан
Расулуллох соллоллоху алайхи васалламдын алдына киши
жиберип, атасына барууга уруксат сурады. Уруксат
болбоду. Бир нече күндөн соң атасынын ахыбалы өтө
оорлошкондугун угуп, дагы киши жиберди. Расулуллох
соллоллоху алайхи васаллам: “Күйөөсүнө моюн сунганы
жакшыраак”, деди. Аял моюн сунуп олтурду. Ажал
жетип, атасы көз жумду. Ошондо да барууга уруксат
берген жок. Аял сабыр кылды. Күйөөсү келгенге чейин
көчөгө чыкпады. Ошондо Пайгамбар соллоллоху алайхи
васаллам күйөөсүнө баш ийимдүү болгондугу үчүн Алла
Таала ал аялдын бардык күнөөлөрүн кечиргендигин
сүйүнчүлөдү”.

* * *

47
Нифас
(Төрөттөн кийинки кан)
Боюнда бар аял перзентин төрөгөндөн кийин келе
турган кан нифас каны деп аталат. Нифастын эң аз
мөөнөтү белгиленбеген. Чындыкта бала төрөлөөрү менен
нифас учуру башталат. Эң акыркы мөөнөтү болсо кырк
күн. Эгерде кырк күнгө чейин да токтобосо, нифас
өкүмүндө болот, кырк күндөн кийинкиси болсо истихаза
(оору себептүү келген) кан болуп саналат.
Төрөлгөн баланын кээ бир мүчөсү маалым болсо,
тактап айтканда чала төрөлсө да, толук төрөлгөн баланын
өкүмүндө болуп, андан кийин келген кан да нифас каны
болуп эсептелет.
Нифаста да айыз сыяктуу белгилүү бир мөөнөт адатка
айлануусу мүмкүн. Мисалы, биринчи бала төрөлүп, кан
жыйырма беш күнгө барып токтосо жана экинчи төрөлгөн
балада да ушул абал кайталанса, демек, ал аялдын
нифастагы адаты жыйырма беш күн болот.
Кан токтогондон кийин, гусул кылынат жана ага
тыйылынган бардык амалдар мүмкүн болот. Бекемдеп
өтүү керек, айыз учурунда тыйылынган амалдардын жана
өкүмдөрдүн бардыгы нифаска да тиешелүү.

Истихаза
(Оору себебинен келген кан)
Оору жана кандайдыр бир илдеттердин себебинен
мөөнөтсүз келе турган кандар истихаза каны деп аталат.
Мисалы, айыздын эң аз мөөнөтү, тактап айтканда үч
күн, үч түнгө жетпей токтосо же биринчи жолу айыз көрүп
жаткан аялдын айыз көрүүсү он күндөн ашып кетсе, он
күндөн өткөн күндөрүндөгү же биринчи жолу төрөгөн

48
аялдын нифасы кырк күндөн өтүп кетсе, кырк күндөн
ашыкчасы истихаза каны болот.
Аялдардын айыз жана нифастагы адаттарында
токтобой, айыз жана нифастын акыркы мөөнөтүнөн да
өтүп кеткен кан истихаза каны болуп эсептелет.
Мисалы, бир аялдын айыздагы адаты жети күн болсо,
кокустан бир айыз мөөнөтү жети күндөн өтүп, он күндө да
токтобостон, он эки күнгө өтүп кетсе, адатынан
тышкаркысы тактап айтканда жети күндөн кийинки беш
күн айыз эмес, истихаза каны болуп эсептелет. Эгерде
адатынан тактап айтканда жети күндөн өтүп акыркы
мөөнөтүнө тактап айтканда он күнгө жетпестен же жетип
токтосо, бул учурда адаттан өтүп кеткени да айыз каны
болуп эсептелет.
Нифаста да ушундай: эгерде бир аялдын нифас көрүү
адаты отуз күн болуп, бир жолу адатынан өтүп, кырк беш
күндө токтосо, ошол аялдын адатынан тактап айтканда
отуз күндөн өткөн он беш күн да истихаза канынын
өкүмүндө болот. Бул аял отуз күндөн өткөн он беш күндүк
намаздарынын казасын окуусу милдет. Эгерде адатынан
өтүп, кырк күнгө жетпей же жетип токтосо, нифас
өкүмүндө болот.
Кош бойлуулук учурунда келген кан да истихаза каны
болуп эсептелет.
Истихаза айыз жана нифас тыйган амалдардын эч
бирине тыюу салбайт жана ал кандан гусул кылуу да
милдет болбойт, даарат алып ибадатын уланта берет.
Эгерде билбестен истихаза канын айыз каны деп, намаз
жана орозону каза кылса, истихаза экендиги маалым
болгондон соң, намазынын казасын окуу жана орозонун
казасын тутуу милдет болот.
Пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи васаллам бардык
үмөтүн илим алууга буйруп, минтип айтты: “Илим алуу ар
бир мусулман эркек жана аялга парз”. “Танбихул

49
гофилин” деген китепте бул хадис зарыл өлчөмгө чейин
илим окуу парз деп кеңейтмелеген. Себеби, баары эле
жогорку даражада билим алууга ээ боло бербейт.
Ошондуктан, зарыл болгон илимдерди, тактап айтканда
ыйман, намаз, орозо, зекет, үшүр, ажылык, адал жана
арам, ата-эненин укугу, бала тарбиясы, үй-бүлөлүк мамиле
жана башка зарыл болгон амалдардын илимин үйрөнүү ар
бир момун эркек жана момун аялга шарт жана зарыл.
Айрыкча, эркектер жогоруда айтылган илимдер менен
бирге, айыз, нифас жана истихаза илимдерин терең билип,
өз үй-бүлөсүнө үйрөтүүлөрү турмуштук зарылдык.
Анткени үй-бүлөсү бул илимдерден кабарсыз болсо,
күйөөсүнөн үйрөнүүсү ыңгайлуу жана жеңил. Кыжаалат
жана тартынууга да жол калбайт. Өз учурунда энелер өз
кыздарына бул керектүү илимдерди үйрөтүүлөрү керек.

Перзенттин төрөлүшү
Эгерде бир кишиге аялынын төрөгөндүгү жөнүндө
кушкабар жетсе, кубанып, перзентин Алла Таала
тартуулаган улуу ниймат-жакшылык деп билүүсү, Алла
Таалага мактоо айтуусу сүннөт. Хадисте: “Перзенттин
жыты бейиштин жытынан”, деген кушкабар айтылса,
башка хадисте: “Перзент дүйнөдө нур жана акыретте
кубаныч”, деп айтылат.
Кээ бирөөлөр уул көрүүнү эңсеп, кыз бала төрөлгөндө
анчейин эле кубана беришпейт. Тескерисинче, эгерде кыз
перзент төрөлсө, ата-эне ашыкчараак кубануулары керек.
Анткени, Исламдан мурунку жахилдер (илимсиздер) кыз
баланы жаман көрүп, тирүүлөй жерге көмүшөөр эле.
Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам айткан:
“Биринчи перзенти кыз бала болгон аял берекелүү,
бактылуу жана урматтуу аял экендигинен кабар берет”.

50
Алла Таала Куранда “Аш-шуро” сүрөсүнүн 49-
аятында:

﴾49﴿‫ ﺍﻟﺫﱡﻜﹸﻭﺭ‬‫ﺸﹶﺂﺀ‬‫ﻥ ﻴ‬‫ ﻟِﻤ‬‫ﺏ‬‫ﻬ‬‫ﻴ‬‫ ﺇِﻨﹶﺎﺜﹰﺎ ﻭ‬‫ﺸﹶﺂﺀ‬‫ﻥ ﻴ‬‫ ﻟِﻤ‬‫ ﺏ‬‫ﻴﻬ‬ ...

“...Ал (Алла) Өзү каалаган кишиге кыз балдарды


тартуу кылат жана Өзү каалаган кишиге уул балдарды
тартуу кылат...”, - деп кыз баланы уул баладан мурда
коюусу да кыз перзенттин берекелүү жана артыгыраак
экендигине далаалат кылат. Аялдар жана кыз балдардын
артыкчылыктары жөнүндө көп негиздер жана кабарлар
келген.
Бала төрөлгөндө аны ак матага ороо керек, сары
матага оролбосун. Андан кийин дароо оң кулагына азан
жана сол кулагына такбир (икомат) айтылат. Анткени,
бала дүйнөдө биринчи уга турган үн жана сөз Алла
Тааланын куттуу ысымы болсун. Ошондой эле, ушул азан
жана икомат себебинен бала бир нече дарт жана
апааттардан саламат болот.
Хадисте айтылат: “Кимде перзент төрөлсө, анын оң
кулагына азан жана сол кулагына икомат айтылса, андан
уммус-сибян (жиндердин таасири менен пайда боло турган
оору) алыс болот”.
Жараткандан перзентке ыклас жана чын ишеним
менен дүйнө жана акырет жакшылыктары суралат.
Биринчи болуп, тата турган даамы таттуу болуусу үчүн
бир аз курманы эзип, жумшартып, наристенин таңдайына
сүйкөлөт.
Ата-эне наристенин ыйлаганынан тынчсыз абалга
түшпөсүн, анткени анын ыйы Алла үчүн зикр, тахлил
жана мактоо, ата-энеси үчүн истигфар (кечирим тилөө)
болот.
Пайгамбар алайхис салам алдына алып келген
наристеге:

51
‫ﺎ‬‫ﻨ‬‫ﺴ‬‫ﺒﺎﺓﹰ ﺣ‬‫ﻼﹶﻡﹺ ﻧ‬‫ﻰ ﺍﻹﺳ‬‫ ﻓ‬‫ﻪ‬‫ ﺃﹶﻧﺒﹺﺘ‬‫ﺍ ﻭ‬‫ﺮ‬‫ ﺑ‬‫ﻌﻠﻪ‬‫ ﺍﺟ‬‫ﻢ‬‫ﺃﹶﻟﻠﱠﻬ‬
“Аллохуммажъалху баррон ва анбитху фил Ислами
набатан хасанан”.
Мааниси: “Эй Роббим, бул перзентти жакшы амал
кылуучу сылык, такыба, кайрымдуу жана берешендерден
кыл! Өзүң аны Исламий мүнөздөр менен бойго жетүүсүн
насип кыл!”, деп дуба кылаар эле.

Балага ат коюу
Атанын мойнундагы перзенттин акыларынын бири,
туулганынан жети күн өткөнгө чейин, ага жакшынакай
жана мааниси да көркөм бир ат коюу. Анткени, ысым
ээсинин кулк-мүнөзүнө, ал тургай тагдырына да таасир
этиши мүмкүн. Кыямат күнүндө да инсандар өз
ысымдары менен чакырылат.
Эркек балдарга Пайгамбарлардын (аларга Алланын
саламы болсун) куттуу ысымдарынан коюу максатка
ылайык. Ысымдардын жакшысы мисалы, Абдуллох,
Абдуррахман, Мухаммад, Ахмад жана ушул сыяктуулар.
Пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи васаллам мааниси
жаман ысымдарды өзгөртчү эле. Мисалы, Азирети Умар
розияллоху анхунун кызы Асия (күнөөкөр) деген атын
Жамийла (чырайлуу) деп өзгөрткөн.
Кээ бир улуктар улукмандарга тиешелүү аттардан
уялып, өз ысымдарынын төмөн болуусун каалашкан.
Хазрети Алишер Наваи да бул жөнүндө “Насойимул-
мухаббат” деген китебинде төмөнкү икаяны келтирген:
“Азирети Хусрав Дихлавий рахматуллохи алайх
айтты: Бир күнү менин оюма Хусрав улуктардын аты,
мага жарды ат коюшса эмне болоор эле, Кыямат күнү
мени ошол ат менен атаса жакшы эле, деген нерсе келди.
52
Бул оюмду Азирети Шейх Низамуддин олуяга билдирдим.
Ал айтты: Ибадат учурунда сен үчүн ат тилейин, мен
болсо күтүп жүрдүм. Бир күнү шейх, бизге (мага) мындай
аян болду, Кыямат күнү сени Мухаммад Косалес деп
чакырат”.
Пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи васалламдын
куттуу ысымын перзенттерге коюуга болот, ал тургай
артыкчылык болуп саналат. Бирок Абулкасым деп лакабы
менен атоого болбойт.
Перзентке пайгамбар же периштелердин аттары
коюлса, аны кагып силкүү, сөгүү, каргоо жана маскара
кылууга мүмкүн эмес. Капыс, ата-эне бул перзентти
тарбиялоо үчүн кейүүдөн башка чара таба албаса, анда
баланын атынан айтпастан, “сен баланча” деп чакырсын.
Мухаммад ысымдуу баланы урмат кылуу керек.
Төмөнкү хадисте да ушул нерсеге далаалат кылат:
“Балага Мухаммад деп ат койсоңор, албетте, ага
урмат көрсөткүлө, ал олтурган жайды кенен жана ачык
кылгыла. Ага ачуу жана катуу жүз менен карабагыла”.
Балага маанисиз жана калк арасында кыжаалат кыла
турган ат коюу жакшы эмес. Мисалы: Кочкор, Балта,
Теше, Орок жана башка...
Перзентке жакшы ат коюлгандан соң аны чала-жарым
кылбай, толук жана көркөм кылып атоо керек. Өкүнүчтүү,
элибиздин арасында атты кыскартып айтуу адатка
айланып калган. Бул жаман адаттын башталышы үй-
бүлөдөн, ата-энеден болот. Мисалы, Абдуллох (мааниси,
Алланын пендеси) деген атты Абди, Абдуррашид дегенди
Рашид, Абдужалил дегенди Жалил, деп туура эмес
чакырышат, бул нерсе урматсыздык. Кала берсе, чакырган
кишинин да акыл жана маданияттан алыс калуусуна
далаалат кылат.
Ошондой эле, ата-эне, устаз жана улуу жаштагы
кишилердин ысымдары менен өздөрүнө кайрылуу жана

53
эркек менен аялы бири-биринин атынан айтып
чакыруулары адепсиздик болуп саналат. Элибизде
келиндер кайын ата, кайын энесинин, күйөөсүнүн жана
анын бир туугандарынын атынан айтпастан: мисалы, уул,
кыз, кенже кыз, - деп чакырышат. Бул адептүүлүктөн.
Чала же өлүк төрөлгөн балага да ат коюу керек.
Эгерде перзент жансыз төрөлсө же төрөлгөндөн соң набыт
болсо, бул абалдан ата-эне өтө эле азап чекпесин. Алла
Тааладан сооп үмүтүндө сабыр кылышса, ушул перзенти
Кыямат күнүндө тозок отунан парда (тосмо) болсо, ажеп
эмес.

Бала тарбиясы
Баланын тили чыгаары менен ага биринчиден
тоййиба:
‫ﻻ ﺇﻟﻪ ﺇﻻﹼ ﺍﷲ ﳏﻤﺪ ﺍﻟﺮﺳﻮﻝ ﺍﷲ‬
- “Лаа илааха иллаллоху Мухаммадур расулуллох”
келмесин үйрөтүү керек. “Аятал курсий” жана “Хашр”
сүрөсүнүн акырындагы... ‫ ھُﻮَ اﷲُ اﻟﱠﺬِى‬-Хуваллохуллазий...”
деп башталган үч аятты үйрөтсө, Алла Таала ал перзентти
дайыма жакшы иштерди кылууга ылайыктуу кылат.
Ушундай тарбия берген ата-энеге перзентинин жакшы
амалдарынан сооптор берилет. Тескерисинче, перзенти
кылып жаткан жаман амалдарга ата шерик болбойт.
Перзент жети жашка киргенде намаз окуганга
буйрусун. Эгерде он жашка чейин намаз окубаса, хадиске
ылайык, уруп болсо да намаз окутуу керек. Ошондо
балагатка жеткенче беш убак намаз окуганга көнүгүп,
калат.
Он жаштан эркек жана кыз баланын жата турган
орундарын башка-башка кылуу керек.

54
Ата-эне перзенттер менен мамиле кылууда, анын
ичинен белек берүү, эркелетүү, сылыктык жана
мээримдүүлүк менен адилет болуп, баарына бирдей
мамиледе болуусу шарт. Эгерде перзенттеринин кээ бирин
артыкча жакшы көрсө да, бул нерсени башкаларына
билдирип, алардын көңүлүн оорутпоо керек.
Бир нерсе алып келсе, биринчи кыздарга, анан
уулдарга берсин. Себеби кыздардын жүрөгү уул
балдардыкына караганда назик жана таасирдүү болот.
Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам:
“Ким кыз баланы кубандырса, Алладан коркуп
ыйлагандай болот жана ким Алладан коркуп ыйласа, Алла
Таала анын денесин тозок отунан арам кылат
(сактайт)”, деп айткан.
Перзент чоңоюп, акылы кире баштаганда, ага Куран,
парз, сүннөт жана башка дин илимдеринен жана
адептеринен таалим берсин. Эгерде таалим берүүгө кадыр
болбосо, Имам Аъзам мазхабына ылайык болгон толук
устазга берип, зарыл болгон илимдерден кабардар
кылсын.
Эркек балдарга сууда сүзгөндү, ок атканды, ат
чапканды жана башка жигит үчүн мекенди коргоодо,
согушта, сапарда зарыл боло турган өнөрлөрдү ошондой
эле дагы бир кесипти үйрөтүүсү, кыз балдарга тамак
жасоо, чеберчилик жана ушул сыяктуу үй иштери үчүн
зарыл нерселерди үйрөтүү милдет. Чындыкта, өнөр-кесип
үйрөнүү өткөн пайгамбарлар жана улуктардын сүннөтү
(жолу) болуп, инсанды кедейлик жана муктаждыктан
куткарат.
Ошондой эле перзенттерге өнөр-кесип менен табылган
адал ырыскылардан жедирип-ичирүү (жана адал
кийимдерден кийинтүү) важиб. Алардын бойго
жеткендерин өздөрүнө ылайык жуп таап, үй-бүлөлүү
кылсын. Эгерде алар бир күнөө ишти кылышса, Алла

55
сактасын, ата-эне баласынын ушул күнөөсүнө шерик
болот.
Аныктап айтканда, Алла Таала ата-энеге балдарын
күнөөдөн таза жана Ислам жолунда аманат кылып берген,
өз учурунда ата-эне да бул аманатты таза жана кыянат
кылбастан туура тарбия кылуулары керек.
Хадисте белгиленгендей: “Силердин ар бириңер үй-
бүлөңөргө койчу сыяктуусуңар. Ар бириңер бардык
перзенттериңерге жана аялдарыңарга жоопкер
болосуңар”. Ошондуктан ата-эне Алла Тааланын алдында
жоопкер болбоо үчүн, балдарынын дини жана намысын
сакташы керек. Бузук акыйда (ишеним) жана туура эмес
агымдарга кирип калбастыктары үчүн Ахли суннат вал
жамаат акыйдасы (жолу), Имам Аъзам рахматуллохи
алайхинин мазхабынын таалиминин негизинде
тарбиялоосу зарыл.
Эркек өз аялы жана перзенттери менен ачык жүздүү,
оор басырыктуу, мээримдүү, милайым абалда, дайыма
курсантчылык менен өмүр сүрүүгө аракет кылсын.
Пайгамбар солллоллоху алайхи васаллам: “Силердин эң
жакшыларыңар, өз үй-бүлөсүнө жакшы мамиле
кылганыңар. Мен үй-бүлөм үчүн силерден да жакшы
мамиле кыламын”, деп айткан.
Ата-эне мээримин төгүп, перзенттерин өпсүн. Бул
туурасында Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам:
“Перзенттериңерди көп өпкүлө, албетте силер үчүн ар бир
өпкөндө бейиште бир даража бар”, деп айткан.
Риваят кылгандай, Азирети Умар розияллоху анху
бир кишини кызматка алды. Ошол киши бир жумуш
менен келгенде Амирул му‘минин (мусулмандардын
башчысы Азирети Умар розияллоху анху) перзенттеринен
бирин кучагына алып, эркелетип, өөп олтурган эле. Ал
киши бул нерседен айран калып: “Менин да балдарым
бар, бирок аларды эч качан өпкөн, эркелеткен эмесмин”,

56
деди. Ошондо Умар розияллоху анху: “Өкүнүчтүү, өз
балдарыңа мээримиң жок экен, чоңдорго кайдан
ырайымдуу болмок элең”, деп аны кызматынан дароо
бошотуп койду.
Орду келгенде айтып өтүү керек, кыз бала балагатка
жеткенден соң атасы жана бойго жеткен ага-инилери
менен өбүшүп учурашуудан тыйылсын. Алар менен кол
алышып учурашкан жетиштүү.
Энелер да бойго жеткен уулдары менен өбүшүп
учурашпасын. Болбосо мындай учурда кокустан шахват
пайда болуп калса, натыйжасы жагымсыз болушу
жөнүндө китептерде өтө оор өкүмдөр келтирилген.
Туугандардан тайкелер жана атасынын бир туугандары да
ушул өкүмдө. Бирок аялдар башка туугандар менен кол
алышып учурашуусу мүмкүн эмес.
Көптөгөн китептерде аялдардын чоочун эркектерге
салам бериши да тыйылган. Расулуллох соллоллоху
алайхи васаллам аял кишинин чоочун эркектер менен
саламдашуусун катуу тыйган. Ошондой эле, чоочун
аялдарга назар салууну “Шайтандын уулуу окторунан бир
ок”, деп зыяндуу жана апааттуу экендигине ишарат
кылган. Алишер Наваи “кырк хадис” китебинин
кеңейтмесинде жогорудагы хадисти мындайча чечмелеген:
Салба көздү, сага кароо арамга
А, болбосо, напсиң тартат жаманга
Назар кылуу сага арам бирөөнү
Бул - шайтандын уу огунан бир огу
Ата дайым балдарына ачык жүздүү болсун.
Сүйлөгөнгө боло турган орундарда аларга эркиндик берсин
жана алар үчүн дайыма жакшы дуба кылсын. Хадисте:
“Атанын перзентине кылган дубасы пайгамбарлардын өз
үмөттөрүнө кылган дубасы сыяктуу”.

57
Эне да дуба кылууга акылуу. Анткени Расулуллох
соллоллоху алайхи васаллам: “Эненин дубасы тез кабыл
болот”, деп айтты. Сахабалар сурашты: “Эмне үчүн
мындай, эй Алланын элчиси?” Расул акрам: “Анткени эне
атага караганда мээримдүүрөөк. Ырайымдуу жана
мээримдүүнүн дубасы куру калбайт”, деп жооп берди.
Ата-эне перзенттерине эч качан жаман дуба
кылбасын, каргабасын. Себеби алардын жакшы дубалары
сыяктуу, каргыштары да тез кабыл болот. Эгерде ушундай
болуп калса, Алла сактасын, перзент жаман мүнөздүү,
адепсиз болот. Өз кезегинде, перзенттер да ата-энелеринин
иренжишине, нааразылыктарына, каргыштарына себеп
боло турган амал жана аракеттерден чын дилден
тыйылуулары керек.
Риваятта келет: Бир киши Абдуллох ибн Мубарактын
алдына келип, уулунун адепсиз жана тартипсиздиги
тууралу даттанат. Абдуллох ибн Мубарак минтип сурайт:
“Ага жаман дуба кылган белең” Ал киши тастыктап,
башын ийкеди. Ошондо Абдуллох ибн Мубарак: “Сен өзүң
аны бузуп коюпсуң”, деп ал кишинин өзүн айыптайт.
Атанын насааты, таалим-тарбиясынын перзентке
таарсирдүү болушу үчүн, биринчиден ата өзү туура
болуусу керек.
Киши башкалардын балдарына зыян жеткирбөөсү,
жамандык кылбашы керек, анткени анын зыяны замандар
өтүп, өз перзентине кайтышы мүмкүн. Мисалы, Юсуф
пайгамбарга агалары жамандыкты каалап, кудукка таштап
кеткен. Натыйжада бир нече жылдар өткөндөн соң,
өздөрүнүн балдары Фиръаундун колуна туткунга түшкөн.
Ата перзент башында сак-саламат турмуш өткөрүп
тургандыгы үчүн Аллага шүгүр айтып, жетим жана жабыр
тарткандардын көз жашынын төгүлүүсүнөн сактасын, бул
иш ташбоордукту алыстатат. Ошондой эле, муктаждарга

58
жардам жана кайрымдуулук кылсын, анын акысы бейиш,
буйруса.

Акыйка
(сүннөт тою)
Перзентке ат коюу жана анын чачын алдыруу үчүн
төрөлгөндөн жетинчи күнүндө кой союп, элге жакшылык
жана зыяпат берүү акыйка жөрөлгөсү деп аталат.
Имам Аъзам мазхабында акыйка мустахаб (сооп
амал).
Эркек балага эки, кыз болсо, бир кой союлат.
Акыйкага союла турган кой курмандыкка союла турган
сыпатта болушу керек. Эгер андай кой табылбаса,
мүмкүнчүлүгүнө карап, тапканын соё берет. Кой союуга
мүмкүнчүлүгү болбосо, эчки да жетиштүү болот. Бирок
акыйка үчүн канаттуу жаныбар союуга болбойт.
Азыркы заманда көп жерлерде эркек балдарга гана
акыйка кылынып, кыздардын акыйкасы адаттан
чыгарылган. Чынында, Расулуллох соллоллоху алайхи
васаллам:
‫ﻪ‬‫ﻴﻘﹶﺘ‬‫ﻘ‬‫ ﺑﹺﻌ‬‫َﻬﹺﻦ‬‫ﺗ‬‫ﺮ‬‫ ﻣ‬‫ﻼﻡ‬‫ﺃﹶﻟﹾﻐ‬
“Ал гуламу муртахинун биаъкикатихи”, мааниси: “Баланын
апаат жана оорудан саламат болушу акыйкага
тиешелүү”, - деп айткан.
Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам пайгамбар
болгондон соң өзүнө акыйка кылган. Анын бул амалдары
акыйка өз убагынан өтсө да, жок болбостугуна далил.
Акыйканы төрөлгөндүн жетинчи күнүнөн тышкары, он
төртүнчү же жыйырма биринчи күндөрүндө кылууну
китептерде осуят кылынган.
Акыйка коюн соёор учурда төмөнкү дуба окулат:

59
‫ﻦﹺ ﻓﹸﻼﹶﻥ‬‫ﺈﹺﺑ‬‫ﺍﺀً ﻟ‬‫ﺪ‬‫ﺎ ﻓ‬‫ﻠﹾﻬ‬‫ﻌ‬‫ ﺍﺟ‬‫ﻢ‬‫ ﺃﹶﻟﻠﱠﻬ‬‫ﻪ‬‫ﻈﹾﻤ‬‫ﺎ ﺑﹺﻌ‬‫ﻬ‬‫ﻈﹾﻤ‬‫ ﻋ‬‫ ﻭ‬‫ﻪ‬‫ﻣ‬‫ﺎ ﺑﹺﺪ‬‫ﻬ‬‫ﻣ‬‫ ﺩ‬‫ﻴﻘﹶﺔﹸ ﻓﹸﻼﻥ‬‫ﻘ‬‫ ﻋ‬‫ﺬﻩ‬‫ ﻫ‬‫ﻬﻢ‬ ‫ﺃﹶﻟﻠﹼ‬
‫ﺎﺭﹺ‬‫ ﺍﻟﻨ‬‫ﻦ‬‫ﺪﺍﺀً ﻣ‬‫ﻓ‬
“Аллохумма хазихи аъкикату... (баланын ысымы
айтылат) дамуха бидамихи ва азмуха биазмихи,
Аллохуммажъалха фида‘ан ли‘ибни (бинти) ... (атасынын
аты айтылат) фида‘ан минаннар”. Мааниси: “Роббим!
бул баланчанын акыйкасы, каны анын канына, эти анын
этине, сөөктөрү сөөктөрүнө, териси анын терисине жана
жүнү анын жүнүнө алмашылды. Роббим, ушул акыйка
малын баланчанын баласы үчүн тозок отунан коргоочу
кыл!”
Акыйка үчүн союла турган жаныбардын сөөктөрү
сындырылбайт, муундарынан ажыратып, бир бөлүгүн
төрөткөн аялга, калганын чийки абалда же бышырып, элге
берилет.
Акыйка кылынган күнү баланын чачы алынып,
чачынын салмагынча алтын, нукура (күмүш) же акча элге
садага кылынат. Кыздардын ымыркайында чачын алуу
мүмкүн болсо да, кээ бир китептерде кыз баланын чачын
албоосу айтылган. Улуктарыбыз жана өткөн бабаларыбыз
кыз балдарды ал тургай жаш маалында да чачын
кыркуудан этият кылышкан.
Азыр болсо, биздин заманыбызда башка диндерден
өткөн ойрон жана болбогон адат, тактап айтканда келин-
кыздардын чач кыркуусу адатка айланууда. Улук
китептерде аялдардын себепсиз чач кыркуулары тап-такыр
арам деп айтылган.
Пайгамбар алайхис салам:

‫ﻢ‬‫ﻨﻬ‬ ‫ ﻣ‬‫ﻮ‬‫ﻡﹴ ﻓﹶﻬ‬‫ ﺑﹺﻘﹶﻮ‬‫ﻪ‬‫ﺒ‬‫ﺸ‬‫ﻦ ﺗ‬‫ﻣ‬


“Ким өзүн башка бир коомго окшотсо, анда ал
ошолордон”,-деп айткан. Башка хадистерде Расулулуллох

60
соллоллоху алайхи васаллам аялдын кийимин кийген
эркекке жана эркектин кийимин кийген аялга жана өзүн
аялга окшоткон эркектерге жана өзүн эркектерге окшоткон
аялдарга наалат айткан.
Эгерде наристе киндиги кесилген же сүннөттөлгөн
абалда төрөлсө, аны урматтуу жана берекелүү деп билүү
керек. Анкени, бардык пайгамбарлар ушундай
(сүннөттөлгөн) сыпатта туулган. Бир гана Ибрахим
пайгамбар сексен жашында өзүн өзү сүннөт кылган.
Ошондон соң сүннөт кылуу сүннөт болуп калган.

Эне сүтүнүн касиети


Эненин балага эмчек эмизүүсү да керектүү
сүннөттөрдөн бири. Курани Каримдин “Бакара” сүрөсүнүн
233-аятында:
‫ ﻡ‬‫ﺘ‬‫ ﺃَﻥ ﻴ‬‫ﺍﺩ‬‫ ﺃَﺭ‬‫ ﻥ‬‫ﻠﹶﻴﻥﹺ ﻟِﻤ‬‫ﻟﹶﻴﻥﹺ ﻜﹶﺎﻤ‬‫ﺤﻭ‬
 ‫ ﻥ‬‫ﻫ‬‫ﻻﹶﺩ‬‫ ﺃَﻭ‬‫ﻥ‬‫ﻌ‬‫ﻀ‬‫ﺭ‬‫ﺍﺕﹸ ﻴ‬‫ﺍﻟِﺩ‬‫ﺍﻟﹾﻭ‬‫ﻭ‬
﴾233﴿...‫ﻭ ﻑ‬‫ﺭ‬‫ﻌ‬‫ ﺒﹺﺎﻟﹾﻤ‬‫ ﻥ‬‫ ﹸﺘﻬ‬‫ﻭ‬‫ﺴ‬‫ ﻜ‬‫ ﻭ‬‫ﻥ‬‫ﻗﹸﻬ‬‫ ﺭﹺﺯ‬‫ ﻟﹶﻪ‬‫ﻟﹸﻭﺩ‬‫ﻭ‬‫ﻠﹶﻰ ﺍﻟﹾﻤ‬‫ﻋ‬‫ﺔﹶ ﻭ‬‫ﺎﻋ‬‫ﻀ‬‫ﺍﻟﺭ‬

“Энелер балдарын толук эки жыл эмизишет. (Бул


өкүм) эмизүүнү кемчиликсиз кылмакчы болгондор үчүн”,
деп айтылган.
Хадисте: “Бала үчүн энесинин сүтүнөн жакшыраак
азык жок”, деп айтылат.
Эгерде эне кээ бир себептер менен эмизүүгө кадыр
болбосо, ата салиха (жакшы амалдуу) бир аялды таап,
наристени маалым мөөнөткө чейин эмиздирүүсү керек.
Тескерисинче, жаман мүнөздүү жана наадан аялга
эмиздирбесин, анткени ал аялдын жаман кулк-мүнөзү сүт
аркылуу балага өтүп, перзенттин да жаман мүнөздүү
болушуна себеп болот.
Риваяттарда келет: Падыша бир туткунду өлүмгө өкүм
кылат. Ошондо туткун: “Эй падыша! Мени өлтүргөндө
61
эмне пайда? Андан көрө, менин өнөрлөрүм көп, алардан
пайдалансаңыз жакшы болоор эле. Сарайыңыздагы
аттарды менин алдыман өткөрүнүз, мен ар биринин
артыкчылык жана кемчиликтерин айтып берейин”, дейт.
Падышанын буйругу менен аттарды туткундун
алдынан чубатып, өткөрөт. Аттар бир суу аккан арыктан
өтүп жаткан учурда, туткун алардын бирин көрсөтүп:
“Мына бул ат уйдун сүтү менен чоңойгон, болбосо, жети
мезгилде да мындай ат табылбас”, дейт. Таң калыштуу,
туткун сыпаттаган тулпар падышанын эң жакшы көргөн,
сыймыктанган аты эле.
Падышанын таң калуусу артып, сурады: “Бул нерсени
сен кантип билдиң?” Туткун: “Башка аттар арыктан түз
өтүп кетишти, бул ат болсо арыктан өткөндөн соң арткы
туягын силкип койду. Бул адат уйларга гана тийиштүү
эле”,- деп жооп берди. Падыша ат багуучудан бул сөздүн
аныгын сурайт. Ат багуучу кызматкери: “чынында бул ат
туулганда энеси өлүп калып, башка бээ табылбагандыктан
уйдун сүтү менен багылган эле”, - деп айтат. Падыша
туткундун билимине, баамчылдыгына баа берип, аны
туткундан бошотуп жиберет.
Көрүнүп турат, баланы тарбиялоодо сүт эмизе турган
эненин да чоң таасири бар. Ошондуктан энелер
перзенттерин башка азыктар менен өстүрүүнү мүмкүн
болушунча таштасын.
Өкүнүчтүү, кээ бир энелер Алланын улуу ниематы
болгон таттуу перзенттерин тарбия кылуу ордуна, аларды
үйгө өздөрүнчө таштап коюп, өздөрү көчө-көйдө,
базарларда соода-сатык менен алек. Бул ахыбалда коомдо
ким туура жана саламат балдарды өстүрүүгө кепилдик
берет. (Эй Роббим Алла! Ата-энелерге өз перзенттеринин
тарбиясы менен тереңирээк алек болууларын насип кыл!)

62
Эмизүү
(Разоъ)
Азыркы күндө коомубуздагы зарыл маселелерден
бири - эмизүү. Элибиз узак жылдар бою жахилият
(илимсиздиктин) таасири жана тардыгы себебинен эмизүү
маселелеринен кабарсыз калып, бул керектүү нерсеге
этибарсыздык жана көңүл коштук жашыруун эмес.
Негизинен, төрөтканаларда кем сүттүү энелердин
наристелери көп сүттүү энелерге эмиздирилет же
шыпаакерлер тарабынан алардын сүтүн башка балдарга
беришет. Ошондуктан бул маселенин канчалык орчундуу
жана керектүү экендигин терең түшүнүшүбүз керек.
Разоъ сөзүнүн сөздүк мааниси “сүт эмизүү” дегендик.
Шариятта баланын башка аялдын көкүрөгүнөн эки жарым
жашка жеткенге чейин сүт эмиши жана анын өкүмдөрүнө
тиешелүү болгон маселелер түшүнүлөт. Демек, наристе
эки жарым жашка чейинки учурда энесинен башка аялды
эмсе - өзү ичсе же ичирилсе - разоъ (эмүү) өкүмү пайда
болот. Сүттүн өлчөмүнүн айырмасы жок. Бир тамчы сүт
болсо да баланын ашказанына жетип барса болду. Эгерде
ашказанына жетип барбаса, разоъ (эмүү) эсеп болбойт.
Разоънун өкүмү ушундай: башка аялдын сүтүн эмген
наристеге ошол аял - эне, ал аялдын күйөөсү - ата
өкүмүндө болот. Анткени аялдын сүтү ошол күйөөсүнөн
бойкат болуу себебинен пайда болгон. Сүт эмген бала
ушул аял менен күйөөсүнүн өз перзентиндей эсептелип,
тууган уруктары да бул балага тууган болот.
Эгерде сүт эмген бала чоңоюп үйлөнсө, эркек жана
аялы, перзент жана неберелеринин да сүт эмизген аялга
жана анын күйөөсүнө никеси арам болот. Эмген бала уул
болсо, анын аялы аларга келин, ал эми кыз болсо, анын
күйөөсү, күйөө бала, перзенттери небере болуп эсептелет.
Бирок эмген баланын башка туугандары башка өкүмдө.

63
Жогорудагы маселелер төмөндө ыр түрүндө көркөм
үлгүдө далилденген:
Эмизген эне, андан тарагандар,
Сүт берген эркек жана андан балдар,
Ата-эне, бир туугандар аларга анан,
Булар баары эмүүчүгө никеси арам.
Демек, разоъ (эмүү) себептүү сүт эмизген аял,
күйөөсү, перзенттери, аял менен күйөөсүнүн ата-энелери,
ага-инилери, эже-сиңдилери сүт эмген балага жакын
тууган болуп (никелери арам) эсептелинет.
Айтылган жаштагы, тактап айтканда эки жарым
жашка чейинки баланы арткы түтүгүнөн аялдын сүтү
менен хукна (клизма) кылуу же эркек кишинин сүтүн
ичирүү же аялдын сүтүн тамакка кошуп берүү разоъ
(эмиүү) өкүмүн пайда кылбайт.
Эгерде аялдын сүтүн тамактан башка нерсеге,
мисалы, сууга, сүткө же даарыга аралаштырып ичирсе,
бул учурда экөөнүн басымдуулугуна этибар берилет:
аялдын сүтүнүн өлчөмү басымдуу болсо, разоъ-эмүү өкүмү
пайда болот, аз болсо анда болбойт.
Мурундан тамызылган сүт да разоъ (эмүү) өкүмүн
пайда кылат, анткени сүт мурун аркылуу ашказанга
барып, азык болот. Кыздын сүтү, кулак же көзүнө
тамызылган сүт, ошондой эле өлгөн аялдын сүтү да
разоъну пайда кылат.
Эки жарым жаштан өткөн балдарга жана андан
жогору канча жашта болбосун, ар кандай аялдын сүтүн
кандай абалда ичсе да разоъ пайда болбойт. Билип алуу
керек, аялга башка баланы эмизүү зарылдыгы туулса,
албетте, күйөөсүнүн ыраазылыгын алуу шарт. Аныгын
Алла билүүчү.

64
Эркектин укуктары
Аял өз өмүрлүк жары менен жакшы мамиледе болуп,
аны урматтасын, жылуу сөз, жакшы адеби жана жакшы
кылыгы менен анын көңүлүн колго алсын. Хадисте:
“Аялдардын жихады күйөөсү менен жакшы мамиледе
турмуш куруу”, деп айтылган.
Аял киши Алла Тааладан сооп үмүтүндө күйөөсүнүн
кызгануу жана ачуусуна сабыр кылсын. Ошону менен
бирге, беш убак намазын окусун, рамазан айында орозо
тутсун, намысын сактасын жана күйөөсүнө баш ийимдүү
болсун, ал тургай күйөөсү тоодон мага бир таш алып
келип бер десе да жүзүн бурбасын. Пайгамбарыбыз
соллоллоху алайхи васаллам айтты:
“Ар качан аял беш убак намазын окуса, рамазан
орозосун тутса, өз намысын сактаса жана күйөөсүнө баш
ийсе, Жараткандын бейишине кирет”.
Эскертме: эркек: “Аялым мага баш ийиши керек”,
деп алып, чектен чыгып, ага жабыр-зулум кылбасын,
шарият көрсөтмөлөрүнөн чыкпасын.
Аял күйөөсүнүн уруксатысыз үйдөн чыкпасын жана өз
күйөөсүнөн башкалар үчүн зыйнаттанып, жасанбасын жана
жагымдуу жыттардан себинбесин, ошондой эле
күйөөсүнүн төшөгүнөн ажырабасын, аны менен бир
төшөктө жатсын. Күйөөсүнүн алдына күйөөсү каалабай
турган, жаман көргөндөрдү киргизбесин. Күйөөсүнө
шүгүрсүздүк кылбасын, көптөгөн аялдардын адатынча:
“Мен сенден эч жакшылык көрбөдүм”, деп айтпасын.
Кийимдерин өз күйөөсүнүн үйүнөн башка жерге койбосун.
Эгерде күйөөсү аны өбүү же жакындык кылуу жана
ушул сыяктуу мамилелерге чакырса, баш ийсин. Эгерде
оору же айыз себебинен моюн суна албаса, ал учурда
жакшылык менен түшүндүрүп, үзүрүн айтсын. Ошондой

65
эле, тамак даярдоо, чырак жагуу, даарат, суу жана сүлгү
даярдоо сыяктуу иштер аялдын милдети.
Эгерде аялдын мал-мүлкү болсо, күйөөсүнө милдет
кылбасын. Тамак-аштын кыйынчылыгы, кемкаржылыгы,
муктаждыгы себептүү талак сурабасын. Күйөөсүнө
ачууланып, катуу жүзү менен карабасын, тили менен да
күйөөсүнүн дилине зыян жеткирбесин.
Үй оокаттын кыйынчылык жана кемчиликтерин
жаман сөз менен айтып иренжитпей, мүмкүн болушунча
жумшактык бир көрүнүштө жана сунуш ирээтинде,
мисалы, муну алсакпы, мындай кылсакпы,- деген сыяктуу
сөздөр менен айтып, түшүндүргөнү жакшы. Күйөөсүнүн
күчү, мүмкүнчүлүгү жетпей турган нерселерди талап
кылбасын.
Мүмкүн болушунча күйөөсүнө ынактык жана махабат
пайда кылсын. Күйөөсү жумуштан же башка жактан
келсе, аны каршы алып, жумшактык, жылуу жүз менен
жылмайып күтүп алсын. Ошондой эле, күйөөсү үчүн
зыйнаттанып-жасанып, жакшы жарашыктуу кийимдерди
кийип, көз жана кирпиктерине жарашыктуу кылып, сурма
жана колуна, буттарына кына койсун жана күйөөсүнө
жаккан кийимдерди кийүүгө көңүл бурсун. Көчөдөгү
мончого күйөөсү уруксат берсе да тап-такыр чыкпасын.
Риваятта келет: Сахабалардан Талха розияллоху анху
узак сапарга чыккан эле. Ал киши келгенче бир уулу көз
жумат. Сапардан кайтып келген учурда аялы
зыйнаттанып-жасанып, сездирбестен кубаныч менен күтүп
алат. Кечки дастаркондун четинен ошол уулу
көрүнбөгөндүктөн аны сурады. Аялы эч нерсе
сездирбестен: “Бир жакка кеткен эле, азыр келип калат”,
деп жооп кайтарды. Куптан намазынан соң жатаарга жай
салып, түндү бирге өткөрүштү.
Эртеси кайрадан уулун сураганда, аялы: “Аны бизге
Алла аманатка берген эле, кайра (учуру келип,) кайтарып

66
алды. Бизге сабыр кылуудан башка чара жок”, деп
акырындык менен түшүндүрдү. Сабырдуу жана салиха
(жакшы амалдуу) аял ушундай болушу керек.
Акыйкат эли алдында салиха (жакшы амалдуу)
аялдардын сыпаттары төмөнкүчө:
чырайы - Алла Тааладан коркуу,
байлыгы - каниет кылуу,
зыйнаты - тазалык,
(Алла Тааланын парздарынан кийинки) ибадаты -
күйөөсүнө жакшы кызмат кылуу, максаты жана каалаганы
болсо - өлүмгө даяр туруу.
Аял киши никеден тээ өмүрүнүн акырына чейин
күйөөсүнүн үйүн өзүнө милдет тутсун. Күйөөсүнүн акча
жана малын ыгы жок сарптабасын, күйөөсүнүн башка
аялынан көргөн перзенттерине да жабыр-жапаа кылбасын.
Алладан корксун. Себеби Алла заалымдарды сүйбөйт,
зулум көргөндөрдүн зарын этибарсыз калтырбайт.
Ата-энеси жана жакын туугандарынын зыяратына
күйөөсүнүн ыраазылыгы менен гана барышы важиб.
Эркек менен аялы бири-бири менен дайыма жакшы
жана жылуу мамиледе болуулары керек. Анткени аял бул
дүйнөдө күйөөсү менен жакшы мамиледе болуп,
ыраазылыгын тапса, бейиште да ошол күйөөсү менен
бирге болот. Бир киши муфтийден: “Бейиштеги
аялдарыбыз кимдер болот?”- деп сураптыр. Муфтий:
“Дүйнөдөгү аялыңар менен бейиште да бирге
жашайсыңар”, дептир. Анын төбө чачы тик туруп: “Андай
болсо, аялым менен тезирээк ажырашайын. Бул дүйнөдө
азап бергени жетпегенсип, акыретте да азап чегеминби”,
дептир...
Умму Хабиба энебиз: “Эгерде аял бул дүйнөдө бирден
ашыкча күйөөгө тийген болсо, акыретте кайсы бири менен
бирге болот”” деп сураганда, Расулуллох соллоллоху
алайхи васаллам: “Андай учурда аялга тандоо укугу

67
берилет жана аял өзүнө бул дүйнөдө жакшы мамиле
кылган күйөөсүн ыктыяр кылат”, деп жооп берди.
Чырайлуу, аялдын күйөөсү жаман пейилдүү жана
көрүмсүз, түрү суук болсо, сабыр кылсын. Күйөөсү да
Алла Таала ага ушундай аялды насип кылганына шүгүр
айтып, аялын сыйласын. Чындыкта, сабыр кылуучу жана
шүгүр кылуучулардын экөөсү тең бейиште болот,
иншаа‘Алла (буйруса).

Аялдын укуктары
Ынсап менен айтканда, эч бир коом, эч бир түзүм
аялдарга Ислам дининчелик урмат көрсөтүп, анын укугун
анык жана толук кылып белгилеп койгон эмес.
Пикирибизди ушул таанымал ыйык хадис да тастыктайт:
“Бейиш энелердин аягынын астында”. Өз учурунда, үй-
бүлөдө да аялдардын укуктары жана акылары ачык
белгилеп коюлган.
Күйөөнүн мойнундагы аялдын укуктарынан кээ бири
төмөнкүлөрдөн турат: Өзү жей турган тамактардан аялына
да жедирүү жана өзү кийгендей эле ага да, өзүнө ылайык
кийимдерден кийгизүү. Алла Таала анын ырыскысын
жана малын мол кылган болсо, ал да аялдын нафакасын
(каржысын) мол жана кеңири кылсын.
Эркек аялына жакшылык жана жумшак мүнөз менен
насаат берсин, ага жылуу мамиле кылсын. Себеби Хава
энебиз (Алла андан ыраазы болсун) бейиште атабыз Адам
алайхис саламдын кабыргасынан жаратылган. Маалым,
кабырга кыйшык жана катуу сөөк болуп, эгер аны күч
менен түздөймүн десең, ал сынат, өз абалына коюп
койсоң, кыйшык боюнча тура берет. Ал эми жылуу сууга
салып койсоң, түздөлүшү жеңил болот. Ошондуктан
аялдарга дайым жылуу мамиле кылуу керек. Улуктардын

68
көбү аялдарынын кабыл болбогон, иренжиткен
амалдарына сабыр жана туруктуулук кылышкан.
Аалымдар айтышкан: Аялдын жабырына, жаман
тилине сабыр кылуу бир канча туура эмес иштердин алдын
алат. Мисалы, аялдын ушундай мамилесине сабыр кылуу
балага орунсуз шапалак түшпөөсү, идиш-аяк сынбастыгы,
кийимдер жыртылбастыгына жана коноктун кайтып
кетпестигине себеп болот.
Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам айтты:
“Кайсы бириңердин минген унаасы баш бербесе же
аялынын же болбосо үй-бүлөсүндөгүлөрдөн биринин кулк-
мүнөзү жаман болуп калса, анда анын эки кулагына азан
айтсын”. Ошондуктан эркек аялынын жакшы мүнөзү
жана тазалыгын улуу ниематтардан билүүсү керек.
Чындыкта, ушул ниематка канчалык шүгүр айтса да аздык
кылат.
Эркек көп нерселерде аялына моюн суна бербесин,
бушаймандыкка алып келет. Ошондой эле, аялдын
кыянат, алдоо жана айлакердигинен сактансын. Атабыз
Адам алайхис саламдын бейиштен чыгарылышына энебиз
Хава розияллолху анханын сунушу себеп болгон эле.
Эркек киши аялынын кээ бир жамандык жана
күнөөлөрүнө, эгерде ал күнөө фахш (ойноштук) болбосо,
көз жумуп койсун, анын пардасын эл арасында
жыртпасын. Турмушун Алла Таала ыраазы болгон иштер
менен өткөрсүн.
Эркек өз аялына күнүмдүк иштеринде; суу, отун алып
келүү жана аялдарына оор келген иштерде жардам бериши
керек. Айрыкча, үйгө конок келгенде анын алдына
тасмалды өзү жайсын, айрым жерлерде адатка айланып
калгандай, коноктун алдына олтуруп алып, аялына буйрук
кылбасын. (Айрым жерлерде эркек коноктордун алдына
жалгыз бир келинди чай куйдуртуп четке олтургузуп

69
коюшат. Эркектер чайдан ууртап келинге назар салып
олтурат. Бул өтө жаман адат болуп, шарият тыйган нерсе).
Хадисте: “Күнүмдүк иштерде аялына жардам бере
турган эркекке Алла Таала пайгамбарлардан Аюб алайхис
саламга, Давуд алайхис саламга, Якуп алайхис саламга
жана Иса алайхис саламга берген сооптордон берет”,
деген кушкабар айтылган.
Дагы бир хадисте Расулуллох соллоллоху алайхи
васаллам сахабаларына: “Үй-бүлөгө кызмат кылуу
Алланын ачуусун төмөндөтөт, жакшылыктарды жана
даражаларды арттырат жана (бейишилерге арналган)
үрлөрдүн калыңы болот”, деп айткан.
Эркек аялы менен тамашалашып, ойноосун шарият
тыйган эмес. Бул ыгы жок, пайдасыз жана болбогон
амалдардан да эмес.
Ошону менен бирге эркек киши аялына жана
балдарына тарбия берүүчү болгондон соң, алардын
алдында урматтуу, оор басырыктуу болуусу керек.
Расулуллох соллоллоху алайхи васалламдын: “Өз үй-
бүлөңдүн үстүнөн таягыңды көтөрбө (алба) жана
камчыңды аларга көрүнө турган жерге асып кой!” деген
сөздөрүндө өтө чоң хикмат, көркөм көрсөтмө бар экендиги
ачык көрүнүп турат.
Эгерде эркек аялына шарияттын уруксаты менен адеп
саясат кыла турган жана жазалай турган болсо, анда ошол
күндүн акырына чейин ал менен жакындык кылбасын
жана ачык жүздүүлүк менен сүйлөшпөсүн, аракети текке
кетет.
Эркек аялына жана кыздарына жип ийрүү,
тигүүчүлүк, токуучулук сыяктуу үйдө аткарыла турган
өнөрлөрдү үйрөтсүн. Курани каримдин “Нур” сүрөсүн
окутсун. Бул сүрөдө Алла Таала зынаанын (никесиз
мамиленин) өкүмү жана ага бериле турган жаза ошондой
эле бири-бирине наалат айтуу, пакиза (таза) аялдарды

70
зынаакор (сойку) деп доомат-жалаа кылуунун оор
кылмыштардан экендиги баяндалган.

Талак
Билүү керек, ажырашууга зарылдык туулган учурда
шарият талакка уруксат берген болсо да, Алла Таала адал
кылган иштердин эң жаманы, эң төмөнү талак.
Ошондуктан биздин ханафий мазхабыбызда бир киши өз
аялына “иншаалла (Алла кааласа) талаксың” десе, талак
болбойт. Анткени Алла Таала талакты жактабайт, ал
тургай ыксыз талак Алланын ачуусун келтирет.
Үй-бүлөдөгү бир болбогон жаңжал себептүү тилине
дароо талак келе турган эркектердин пейили аялдардын
пейил-мүнөзүнө жакын. Себеби Алла Таала ажырашуу
ыктыярын эркектин эрки бекем болгондугу үчүн эркекке
берген.
“Мишкатул масобих” китебинде келген бир хадистин
мазмунунда, шайтан наалаты өз аскерлерин түрдүү
жамандыктарга буйрат, алардан бири мен бир үй-бүлөнүн
арасын буздум, десе артыкча сыйлык берет. Кокустан
шариятта көрсөтүлгөн себептер менен ажырашууга туура
келсе, бир ооздон дароо үч талак айтуу тыйылган.
Шарияттык себептер менен аялын талак кыла турган
болсо, биринчисинде эле дароо үч талак кылбасын,
тескерисинче эки айыз ортосунда жакындык кылбастан
бир талак десин жана кийин да ушул тартипте эки жолу
талак берсе, сүннөткө ылайык талак болот.
Мунун хикматы (пайдасы), арадагы учурларда
жарашуу ниети пайда болсо, жол ачык. Кала берсе, идда
учурунда аялдын нафакасы (каржысы) эркектин мойнунда
болот. Ал тургай рожъий (никесиз жарашып ала турган)
талак кылынган аял күйөөсүнүн ага кайтуусу үчүн идда
(талактан кийинки олтура турган маалым мөөнөт)
71
учурунда зыйнаттанып, күйөөсүнө жагынууга аракет
кылуу керектиги бекемделген.
Айтып өтүү керек, эркектин бир учурда үч талак
кылууга да акысы бар, бүттү. Бир учурда үч талак десе да,
бөлүп-бөлүп айтса да ушундай. Мисалы, бири киши аялын
бир талак кылып, кайра никеленип, кайрадан бир талак
кылып, дагы никеленсе, үчүнчү талак кылгандан кийин
бул аялы менен жараша албайт, качан ал аял башка
кишиге өз ыктыяры менен никеленип, ал күйөөсү өз
ыктыяры менен талак кылмайынча.
Талак кылуунун эки жолу бар:
Сарих жана киная.
Сарих - талак сөздөрү менен гана талактын санын
кошпостон талак кылуу, “сен талаксың”, “сени талак
кылдым” деген сыяктуу сөздөр менен талак кылуу. Бул
учурда бир рожъий (никесиз кайтарып ала турган) талак
түшөт.
Киная - Талак сөзүн иштетпестен, талак ниетинде
айтыла турган башка сөздөр аркылуу абалга карап түшө
турган талак. Бул сөздөр үчкө бөлүнөт:
1. Эркек аялына “тур!”, “жогол!”, “чык!”, “менин
жанымдан тур!”, деп талак ниетинде айтса талак түшөт.
Ачуу үстүндө айтса да, талак боюнча тартышып турган
учурда айтса да, айырмасы жок. Ниети бир талак болсо,
бир талак, үч талак болсо, үч талак түшөт. Эгерде
күйөөсүнүн ниети коркутуу же талактан башка нерсе
болсо, талак түшпөйт.
2. Эркек аялына “бошсуң, үзүлгөнсүң, тыйылгансың”
деген сыяктуу сөздөрдү айтканда, ачуу үстүндө ниетине
каралат. Бирок талак тартышы болуп жаткан учурда айтса,
ниетине карабастан талак түшөт, талакты ниет кылбаса,
бир баин (никесиз жарашууга болбой турган) талак, ал эми
ниети үч талак болсо, үч талак түшөт.

72
3. Сөздөр, тактап айтканда “иддага олтур,
жатыныңды тазала, сен жалгызсың, сен азатсың ыктыяр
кыл, сенин ишиң жана буйругуң өз колуңда, өз
ыктыярыңда, сени айдадым” - деген сыяктуу сөздөр
ачуулук үстүндө болсо да, талак тартышы учурунда болсо
да, ниетине карабастан талак түшөт. Үч талакты ниет
кылса, үч талак, ал эми талакты ниет кылбаса, бир баин
(никесиз жарашууга болбой турган) талак түшөт.
Жогоруда айтылган үч түрдүү киная (какшык)
сөздөрүнүн ар бирин курсантчылык жана ыраазылык
учурунда айтса, анда ниетине каралат, тактап айтканда,
талакты ниет кылбаса, талак түшпөйт.
Аялдар авратын (уяттуу жерлерин) дайыма бекитип
жүрсүн жана денеси көрүнө турган, мүчөлөрү билине
турган даражада жука жана тар кийимдерди кийбесин.
Өзүн эркекке окшотпосун, ошондой эле эркектер да
өздөрүн аялдарга окшотпосун.
Эркектердин арасында боло турган көп фитна
(келишпестик) жана чыр-чатакка, негизинен аялдар себеп
болот экен. Ошондуктан эркектер көчө-көйдө башка
аялдарга бир мертебе көзү түшкөндөн соң кайрадан ага
карабасын, бул шариятыбызда да тыйылган. Улукмандар
болсо башка экендигин билген аялдарга бир ирет кароодон
да сактанууну буйруган. Мындай этиятчылык фитна жана
апааттан аман болууга кепил болот, инша‘Алла (буйруса).
Эгерде бөтөн аялга көзү түшкөндө дүүлүгүүсү күч
алса, дароо өз аялына кайтып, жанын жай алдырсын.
Муну менен зынаа (никесиз жакындык) сыяктуу чоң
күнөөдөн өзүн алып качсын, хадистин көрсөтмөсү да
ушундай.
Алла Таала бизге зынаа (никесиз жакындык)
кылбоону, ал тургай зынаага (никесиз жакындыкка)
жакындаштыра турган амалдардан сактанууну буйруду.
Ошондой эле аялдар да чоочун эркекке назар салышпасын,

73
махрамсыз (никеленүүгө адал) болгондорго көрүнүүдөн
тыйылышсын жана мүмкүнчүлүктүн болушунча
көрүнбөөгө аракет кылышсын, муну менен, күмөнсүз,
Алла Тааланын ырайымына ээ болушат.

Идда
(Никеден ажырагандан кийинки саналуу мөөнөт)
Идда сөзүнүн сөздүк мааниси санамак. Шариятта
болсо күйөөсү өлгөн аялдын төрт ай, он күн, ал эми
күйөөсү талак кылган болсо, үч ай же үч айыз толук
көргөнгө чейин турмушка чыкпай туруусу – идда деп
аталат.
Башта билип алуу керек, иддага олтуруудагы негизги
максат тектин анык жана таза болуусу. Ушул максатта
аялдарга, түрдүү себептер менен күйөөлөрүнөн
ажырашкандан соң тээ идда мөөнөтү бүтмөйүнчө башка
күйөөгө никеленүүсүнө уруксат берилбеген. Белгиленген
идда мөөнөтү, толук өткөндөн кийин аялдын жатынынын
тазалыгы, мурдагы күйөөсүнөн бойкат эместиги анык
болгондон кийин турмуш курууга болот. Идда Курани
Карим аркылуу парз болгон. Алла Таала “Бакара”
сүрөсүнүн 228-аятында:

‫ﻤﺎ ﺨﹶﻠﹶﻕﹶ‬ ‫ﻥ‬‫ﻜﹾﺘﹸﻤ‬‫ ﺃَﻥ ﻴ‬‫ ﻥ‬‫ﺤلﱡ ﹶﻟﻬ‬


 ‫ ﻻﹶ ﻴ‬‫ ﻭ‬‫ﻭﺀ‬‫ ﺜﹶﻼﹶﺜﹶﺔﹶ ﹸﻗﺭ‬‫ﺴﻬﹺ ﻥ‬
 ‫ ﺒﹺﺄَﻨﻔﹸ‬‫ﻥ‬‫ﺼ‬‫ﺒ‬‫ﺘﹶﺭ‬‫ﻁﹶﻠﱠﻘﹶﺎ ﺕﹸ ﻴ‬‫ﺍﻟﹾﻤ‬‫ﻭ‬
‫ ﻥ‬‫ّﻫ‬‫ﺩ‬‫ﻕﱡ ﹺﺒﺭ‬‫ ﺃَﺤ‬‫ﻥ‬‫ﻭﻟﹶﺘﹸﻬ‬‫ﻌ‬‫ ﺒ‬‫ﺭﹺ ﻭ‬‫ﻭﻡﹺ ﺍﻷﺨ‬‫ﺍﻟﹾﻴ‬‫ ﺒﹺﺎ ﷲِ ﻭ‬‫ﻥ‬‫ﺅْﻤ‬‫ ﻴ‬‫ ﺇِﻥ ﻜﹸﻥ‬‫ﻤﻬﹺ ﻥ‬ ‫ﺎ‬‫ﺤ‬‫ﻰ ﺃَﺭ‬‫ﺍﷲُ ﻓ‬
ِ‫ﺎل‬‫ ﻟﻠﺭﹺّﺠ‬‫ ﻭ‬‫ﻭﻑ‬‫ﺭ‬‫ﻌ‬‫ ﺒﹺﺎﻟﹾﻤ‬‫ﻴﻬﹺ ﻥ‬ ‫ﻠﹶ‬‫ﻯ ﻋ‬‫ﺜﹾلُ ﺍﻟﱠﺫ‬‫ ﻤ‬‫ﻥ‬‫ﻟﹶﻬ‬‫ﺎ ﻭ‬‫ﻼﺤ‬‫ﻭﺍ ﺇِﺼ‬‫ﺍﺩ‬‫ ﺃَﺭ‬‫ ﺇِﻥ‬‫ﻰ ﺫﻟِﻙ‬‫ﻓ‬
﴾228﴿‫ﻴﻡ‬‫ﻜ‬‫ ﺤ‬‫ﺯﹺﻴﺯ‬‫ﺍﷲُ ﻋ‬‫ﺔﹲ ﻭ‬‫ﺠ‬‫ﺭ‬‫ ﺩ‬‫ﻬﹺﻥ‬‫ﻠﹶﻴ‬‫ﻋ‬
“Талак берилген аялдар үч айыз өткөнчө өздөрүн
башка никеден сакташсын. Ошондой эле, алар Аллага
жана Кыямат күнүнө ыйман келтирүүчү болушса,
курсактарындагы Алла Таала жараткан перзенттерин
74
жашырууга болбойт. Алардын өз күйөөлөрү буларды
кайтарып алууда ушул мөөнөт ичинде башкадан алар
акылуу эгерде алар келишимди талап кылышса”, деп
айтат.
Идданын үч түрдүү абалы бар:
1. Этек кир көрө турган аялдардын иддасы,
2. Этек кир көрбөй турган аялдардын иддасы,
3. Кош бойлуулук өкүмү.
Биринчи абалдын өкүмү мындай: этек кир көрө турган
азат аял күйөөсү менен жакындык кылууга мүмкүн болгон
убакта ээн-өзүнчө жайда болгондору же жакындык
кылгандарынан кийин күйөөсү талак кылса, же бири-
бирине тең болбогондуктары үчүн ажырашса жана
ошондой эле айыз көрө турган аялдын күйөөсү каза тапса
же казынын өкүмү менен никеси жокко чыгарылса,
аялдын толук үч айыз мөөнөтүндө иддага олтуруусу
милдет. Андан соң башка күйөөгө чыкса болот. Эгерде
жогорудагы иштер айыз көрүп жаткан учурда болсо,
учурдагы айызы эсепке алынбайт, иддасынын мөөнөтү
кийинки айыздан баштап эсептелинет.
Экинчи абалынын өкүмү: балагатка жетпегендик,
карылык себебинен же балагатка жетсе да айыз көрбөгөн
аялдардын талактагы идда мөөнөттөрү толук үч ай, ал эми
жогоруда айтылган аялдардын күйөөсү өлгөн болсо, төрт
ай, он күн.
Үчүнчүсү, тактап айтканда боюнда бар аялдардын
идда мөөнөттөрү бардык учурда төрөгөнгө чейин болот.

Никеленүүгө арам болгон аялдар


Коомубузда бул нерсеге тиешелүү кээ бир жагымсыз
окуялар болуп жашыруун эмес. Аялдын үстүнө анын
туугандары болгон, эже-сиңдисин, атасынынын бир
тууганын, таежесин жана ушул сыяктуу никелеп болбой
75
тургандардын никеленген учурлары жана күйөөсү
дүйнөдөн өткөн же күйөөсүнөн талак менен ажырашкан
аялдар иддасынын мөөнөтү бүтпөстөн башка күйөөгө
чыгып жаткан учурлар кездешүүдө.
Биздин оюбузча, бул шарияттан тышкаркы жана
бузук иштердин болуусуна кээ бир молдолорубуз ушул
абалдагы аялдарды сүрүштүрбөстөн никелеп берип
жаткандары да себеп болууда.
Эркек кишиге никеленүүсү арам кылынган аялдар
Курани Каримдин “Ниса” сүрөсүнүн 23-аятында жана
фикх (шарият) китептеринде баяндалган.
Эркек кишиге энесинин, таенесинин (канча жогору
кетсе да), өз кыздарынын, эже-карындаштарынын, эже-
карындаштарынын жана ага-инилеринин кыздарынын
(канча төмөнгө карап кетсе да) никеси арам. Жогоруда
айтылган аялдар тек тарабынан эркек кишиге махрам
(никеси арам) болуп, никелери дайыма арам кылынган.
Бирок атасынын жана энесинин бир туугандарынын
кыздарын никесине алса болот.
Нике себептүү никеси арам кылынган топ экиге
бөлүнөт: түбөлүк же убактылуу болот.
Никеси түбөлүк арам кылынган аял, - кайын эне.
Чындыкта, кайын эне күйөөгө махрам (никеси арам)
болуп, өз энесиндей урматка татыктуу зат болуп
эсептелет. Эгерде бул аялы менен бир себептер менен
ажырашса же аялы көз жумса да, кайын энесин никелеп
ала албайт.
Экинчи топ аялдын башка жакын туугандары, бул
аялы менен ажырашмайынча никеси арам. Бирок
ортолорундагы нике ажырашуу же өлүм себептүү жокко
чыккандан соң (өлгөн) аялынын башка жакын
туугандарына (мисалы, балдызына) үйлөнүүгө болот.
Аялдын башка туугандарынын кыскача баяны мындай;
эгерде ошол аял эркек киши деп элестетилген болсо, ага

76
туугандарынан кимисинин никеси арам болсо, күйөөсүнө
да ошол аялдардын никеси арам болот.
Маселе: Мазхабыбызда аял кишинин махрамсыз
(жакынысыз) сапарга чыгуусу тыйылган. Мындай учурда
эркек киши кайын энесинен башка никеси арам аялынын
туугандары менен сапарга чыгуусу мүмкүн эмес.
Аялынын башка мурунку күйөөсүнөн кызы болсо,
ушул аялы менен жакындык кылгандан соң бул кызды
никелеп алуусу арам болот. Ал эми жакындык кылбастан
туруп ажырашса, анын ушул кызына үйлөнүү мүмкүн.
Ошондой эле атасынын, чоң атасынын жана канчалык
жогору кетсе да башка аялдары болсо, алар да эне
өкүмүндө жана келиндери, канча төмөнгө карап кетсе да
кыз өкүмүндө болуп, алардын никелери да арам болот.
Алла сактасын, бир аял менен зынаа (ойноштук)
кылган кишиге ошол аялдын кыздары ошондой эле бир
аялдын денесин берилүү менен кармаласа, анын да
кыздары, ал тургай бир аял бир эркекти шахват (берилүү)
менен кармаласа, ошол кишиге ал аялдын кыздары
ошондой эле бир аялдын жыныстык мүчөсүнө шахват
(кызыгуу) менен караган кишиге, ал аялдын кыздарынын
никеси арам болот. Ушул төрт топтогу аялдардын
кыздары, неберелери канчалык төмөнгө карап кетсе да,
энеси, чоң энеси, канча жогорулап кетсе да, никеленүү
арам.

* * *

77
Аллам! бардык аялдарды ыймандуу, такыба, каниеттүү,
ибадаттуу жана Өзүңдүн парздарыңдан кийин күйөөлөрүнө
чынчыл жана баш ийимдүү кыл! Аларды ар-намыс жана тазалык
зыйнаты менен зыйнаттагын!
Роббим! эркектерди өз үй-бүлөсүн коргой турган ар-
намыстуу, эр жүрөк жана кубаттуу башчы кыл! Амин, я роббал
ааламин! Ва соллоллоху таала аъла хойри холкихи Мухаммадин ва
аъла аалихи ва асхабихи ажмаиън, бирохматика я архамар
роохимийн.

* * *

Урматтуу окурмандарыбыздан китепте кеткен айрым


ката жана кемчиликтерди кечирим калеми менен оңдоп
коюуларын сурайбыз.

Ар ким дуба окусун, үмүткөрмүн,


Анткени мен алсызмын күнөөкөрмүн.

78
Мазмуну
Өтө зарыл китеп....................................................................................................... 5
Нике....................................................................................................................................... 8
Келинчек тандоо....................................................................................................... 11
Күйөө тандоо................................................................................................................ 16
Калың.................................................................................................................................. 17
Никенин убагы........................................................................................................... 20
Никенин сүннөтөрү................................................................................................ 21
Нике тою........................................................................................................................... 23
Жыныстык мамиленин сүннөттөрү...................................................... 25
Гусулдун парздары................................................................................................ 32
Гусулдун сүннөттөрү........................................................................................... 34
Гусулдун ниети......................................................................................................... 37
Суунун өлчөмү........................................................................................................... 37
Гусулдун важиб болушу.................................................................................. 40
Тазалык....................................................................................... .................................... 42
Айыз..................................................................................................................................... 43
Айыз учурунда тыйылган амалдар........................................................ 44
Нифас (төрөттөн кийинки кан).................................................................. 48
Истихаза............................................................................................................................ 48
Перзенттин төрөлүшү......................................................................................... 50
Балага ат коюу............................................................................................................ 52
Бала тарбиясы............................................................................................................. 54
Акыйка............................................................................................................................... 59
Эне сүтүнүн касиети............................................................................................. 61
Разоъ (эмизүү) ........................................................................................................... 62
Эркектин укуктары................................................................................................ 64
Аялдын укуктары.................................................................................................... 68
Талак.................................................................................................................................... 70
Идда (никеден ажырагандан кийинки мөөнөт)................................................. 74
Никеленүүгө арам болгон аялдар............................................................ 75
Мазмуну............................................................................................................................ 79

79
Мухаммади Махдум Шахмуратзада
Фазлуддин Икроруддин ажы уулу

(Нике жана үй-бүлө)


(Фикхий басылма)

Которуп, даярдаган:
Карабалта Ислам институтунун мударриси
Бактияр Азимов Токтонали уулу

Рецензиялаган:
Карабалта Ислам институтунун ректору
Калилидин ажы Кыяз ууулу
2008-жыл

Сурап билүү үчүн телефон: 0772496705

Ушул китептин ээлик укугу мыйзам жана шарият тарабынан


коргоого алынган. Аны уурдап, көчүрүп баскандар үчүн кыямат күнү
Алланын алдында жоопкерчилик бар!

80

You might also like