Name of File

You might also like

Download as pdf or txt
Download as pdf or txt
You are on page 1of 3

Жалпы маалымат

Төрөлгөндө берилген аты: Жанболот Эсенбаев


Туулган жылы: 1932-жыл
Туулган жери: Дыйкан айылы, Жумгал району, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 1983-жыл
Өлгөн жери: Фрунзе шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССР→Кыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, драматург, прозаик
Наамдары:
Шатман Садыбакасов (25.05.1932 — 3.08.1983) — Кыргызстандагы белгилүү
акын, прозаик, драматургдардын бири.

==Кыскача өмүр баяны Эсенбаев Жанболот Кыргызстандын Нарын облусуна


караштуу Жумгал районунун Дыйкан айылында 1932-жылы 25-майда туулган.
1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин
бүтүргөн.
Эмгек жолун «Жаш ленинчи» журналында адабий кызматкер болуп баштаган,
1961-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор,
1965-жылдан проза жана поэзия бөлүмүнүн башчысы,
1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Ала-Too» журналынын башкы
редактору болуп иштеген.

Ш.Садыбакасовдун биринчи китеби 1958-жылы басылып чыккан «Пейил»


аңгемелер жыйнагы болуп саналат.

Ошондон тартып өмүрүнүн соңуна чейин "Мүнөз", "Жол түгөнбөйт", "Бир үзүм
жалын", "Күндөр", "Сонун бала", "Жашыл өзөн", "Кең дүйнө" сыяктуу ж.б. ар
кыл жанрдагы китептерди окурмандарга тартуулады.

Жазуучунун чыгармаларында элибиздин тарыхына, социалдык маселелерине


тийиш орчун маселелер козголуп, чагылдырылган. Кыргыз элинин тарыхый
тагдырындагы урунттуу учуруна арналган "Күндөр", "Ак боз ат" сыяктуу
чыгармалары жеке жазуучунун эле эмес, жалпы кыргыз адабиятынын өсүп-
өнүгүш баскычындагы бараандуу көркөм туундулар катары өз ордун ээлеген.
Жазуучунун көптөгөн чыгармалары орус жана башка тилдерге да бир нече ирет
которулган. «Күндөр» романы, «Ак боз ат» драмасы орус тилине которулуп
басылган.

Ошол эле учурда Ш.Садыбакасов М.Шолохов, О.Гончарь, Г.Мүсрепов,


В.Степанюк сыяктуу жазуучулардын чыгармаларын кыргызчалаган.

Акын Ш.Садыбакасов, мейли прозалык же поэзиялык, же болбосо


драматургиялык чыгармаларында болсун, жазуучулук маданияттуу сапаты даана
көрүнүп турчу. Образды жаратууда, сөздөрдүн маанисин, маңызын, музыкасын
кылдат сезип, элдик казыналарды терең өздөштүрүп, өзүнүн чыгармачылык
өнөрканасына аларды жеткиликтүү иштеп чыгып, пайдаланып окурмандарына
тартуулаган.
Жазуучу кийинчерээк драматургия жанрына да көңүл буруп, Ички Теңир-
Тоодогу тарыхый окуялар чагылдырылган “Ак боз ат”, Тайлак баатыр Рыскул
уулунун доору жана эрдиги тууралуу “Керме-Тоо” ("Тайлак баатыр")
драмаларын, ошондой эле “Уят эмеспи” аттуу комедияны жазган.

Ш. Садыбакасовдун калеминен жаралган “Ак боз ат” драмасы кыргыз театр


сахнасынын классикасына айланган чыгарма болу, театр сахнасынан өз ордун
жоготпостон сахнадан түшпөстөн бүгүнкү күнгө чейин коюлуп келе жатат.

2013-жылы 11-апрелде Бишкекте жазуучу Шатман Садыбакасовдун 80 жылдык


мааракеси белгиленди. Буга байланыштуу Токтоболот Абдумомунов атындагы
кыргыз драма театрда жазуучунун “Ак боз ат” спектакли коюлду. “Ак боз ат”
айтылуу Шырдакбек баатыр тууралуу жазылган тарыхый драма. Убагында
советтик идеологияга туура келбегени үчүн бир топ кыскартууга дуушар болуп,
ошол боюнча сахнада кыскартылып жашап келген. Спектаклдин режиссеру
Замир Сооронбаевдин айтымында, бу жолу драманын алгачкы варианты
калыбына келтирилди.

Шатман Садыбакасовдун ысымы 1991-жылы өзү туулган Дыйкан айылынын


орто мектебине берилген. Аталган мектептин мугалимдер жамааты, окуучулары
демилге кылып, 2012-жылы маркум драматургдун 80 жылдыгын салтанаттуу
белгиледи.

АК БОЗ АТ
Шатман Садыбакасовдун "Ак боз ат" драмасын өз кезегинде сахнага чыкканда
көрүүчүлөр жакшы кабыл алганы менен сюжетинин кызыктуулугуна,
мекенчилдик идеясынын күчтүүлүгүнө, тилдик байлыгынын көркөмдүүлүгүнө
карабай тагдыры тайкы болду.
Өкүнүчтүүсү, сахнага канат-бутагы кыркылып чыгып, театрда көпкө жашабады.

Азыр эми биз "Ак боз атты" да, анын авторун да эстен чыгарып койдук. Бүгүн
ошол чыгарма тууралуу 11 фактыны сунуштайбыз.

Драманын башаты. Адатта драмалык чыгарма качан жазылса да ал сахнага


коюлбаса, элге белгисиз болуп тура берет. "Ак боз ат" драмасы 1972-жылы
Кыргызстандын мамлекеттик академиялык театрында коюлган. Ошол кездеги
жаш, таланттуу режиссёр Жалил Абдыкадыров сахналаштырган. Бирок ал
мезгилде советтик идеология көркөм чыгармаларга өзгөчө саясий талаптарды
коюп, ошол тоталитардык доордун элегинен өткөрүп карачу. Мына ошол
электен кийин пьесанын айрым жерлери өтпөй калып, кыскартуулар жана
каармандардын ысымын өзгөртүүлөр менен көрүүчүлөргө тартууланып жүргөн.

Курманжан датканын Алайдагы айкели. Архив


Тоолук бир жөнөкөй кыргыз аял. "Курманжан датка" романы тууралуу 12 факты
6 Тогуздун айы 2019, 18:56
Эл ичиндеги уламыш драмага негиз болгон. Кыргыз элинде узак жылдардан
бери Шырдакбектин боз жоргосу тууралуу аңыз айтылып келет. Фольклордук
дастан да бар. Анда жоргонун ашкере сымбаттуулугу, адамдарды таң калтырган
басыгы, чарчабай-чаалыкпай жүргөн күлүктүгү даңазаланат. Драматург ошол
элдик чыгармага кайрылган, бирок ал фольклордук сюжетти туурап калбай
өзүнчө жаңы каармандарды, жаңы сюжеттик линияларды ойлоп тапкан.
Чыгарманын идеясы жана темасы. Чыгармадагы окуяларды болжолу Борбор
Азияны XVIII кылымдарда ойрот-жунгар (калмак) баскынчылары басып турган
убакка туш келет деп айтууга болот, бирок накта тарыхый окуялар, тарыхый
инсандар, тарыхый фактылар биринчи орунга чыгарылбайт. Андыктан
айрымдар атап жүргөндөй, толук тарыхый драма деп айтууга болбойт. Драмада
элди, жерди сырткы душмандардан коргоо, мекенди сүйүү идеясы абдан кылдат
иштелген, мекен бул табият, жер, эл гана эмес, күлүк аттар да. Мына ушундай
оор учурда эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта болушу
керек. Аны үчүн Малике-аярдын, Зулайка эненин, Думанынын образдары эң
сонун иштелген. Алар элдин чыныгы өкүлү, калкты күрөшкө көтөрүп чыгат,
душманга өтүп кеткен Ак боз ат колго тиет. Драмада көпчүлүк фольклордук
чыгармалардагыдай окуя алдын ала белгилүү схема менен жүрбөйт, каармандар
оң же терске ажырап акыр-аягына чейин турбайт, сюжет жана каармандар
табигый түрдө өнүктүрүлүп, эволюциялык планда чечилет.

Ак боз ат талашка түшөт. Драмада жогорудагы киришүүгө улай авансценага


калмак кантайшысы Чарын чыгат, ал жигиттери Шамур жана Мансурга каарын
көрсөтүп, кыргыз кандыгы кандайча талкалангандыгы тууралуу маалымат
сурайт. Максаты — басып кирген элдеги Шырдакбектин (айрым вариантта
Жаныбек кан болуп калган) боз жоргосу. Ал Чарындын баасында "таңдагы
шамдай жанган", "жебенин огу жетпеген" күлүк. Мына ушул күлүк же ак боз ат
драманын бүткүл жүрүшүн кыймылга келтирип турат. Ошол ат талашка түшөт.

Драмадагы негизги каарман — эл. Канына да, анын аялына да ишенбеген


кыргыз калкы чет элдик баскынчыларга өзү кол курап каршы көтөрүлөт. Ошол
карапайым калктын өкүлдөрү көптү көргөн даанышман карыя Малике аяр, эссиз
канды төрөп, тарбиялап, бирок ошонусуна өкүнүп калган эне, алтын таяк
Зулайка, бардык кыйын учурда пайда боло калган Думана, эл башына оор күн
түшкөндө кандан алыстап, элге кошулган Шырдакбектин жигиттери Кулан,
Сулайман, Жанкозу. Ошондуктан да тарыхтагы элдин ролу бул драмага жакшы
сиңдирилген.

"Ак боз ат" китеп болуп да чыккан. Фрунзе шаарындагы "Адабият" басмасы
1989-жылы "Керме-Тоо" ("Тайлак баатыр"), "Уят эмеспи" деген драмаларына үч
интермедиясын кошуп 2000 нускада китеп кылып чыгарган. Ага ушул драма да
кирген.

Драма кайрадан сахнага коюлду. 2013-жылы 11-апрелде Шатман


Садыбакасовдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына карата Токтоболот
Абумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Замир Сооронбаевдин
режиссёрлугунда "Ак боз ат" драмасы мурда кыскартылып кеткен жерлери
толукталып, кайра коюлду. Көрүүчүлөр кызыгуу менен эстетикалык рахат алып,
азыркы муундун да мекенчилдик сезимдерин козгоого таасир этти.

You might also like